logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

“Жашообуз өз колубузда” долбоору Кара-Сууда

main20.04.2023  09:49

“Жашообуз өз колубузда” долбоору Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында өз ишин баштады. Адаттагыдай жаңы долбоордун аткарылышы ийгиликтүү болуусу үчүн жергиликтүү бийлик менен кызматташуу меморандуму түзүлдү.

Жаңы долбоор Америка Кошмо Штаттарынын “ЭЛКА” (ELCA) Эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен “Эрайым” уюму тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү алыскы айыл жерлеринде калктын аярлуу катмарынын, өзгөчө аялдардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошууга багытталган. Ал Кыргызстандын 4 аймагында, атап айтканда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагында, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак айыл аймагында жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагында ишке ашат.

Долбоордун Кара-Суу районундагы бет ачаары ушул жылдын 19-апрелинде Мады айыл аймагындагы № 97-Учкун мектебинде өткөрүлдү. Иш чарага өз жардам топторунун мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар болгон тараптар катышышты.

Бет ачаарды “Эрайым” АКБнин жетекчиси Рахила Жусупова ачып, ал долбоор жөнүндө кыскача айтып, уюмдун таржымалын катышуучуларга тааныштырды. Ал эми жаңы долбоор жөнүндө кенээн маалыматка долбоордун координатору Алтынай Сабырбекова токтолду. Ал бет ачаарда долбоордун максат-маселелери, компоненттери, ишмердүүлүгү жана күтүлүүчү жыйынтыктары жөнүндө кенээн айтып берди.

Иш чаранын соңунда катышуучулар “Эрайым”АКБнин ишине ийгиликтерди каалашты, ал эми катышуучулардын аксакалы болсо долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына ак батасын берди.

1

2

3

5

6

7

8

9

10

Эрлан Давлатов, Ош облусу

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru