Кирешелүү ишкерлик
17.04.2023 09:44
“Акжол” үй-бүлөлүк өз жардам тобунун мүчөсү Майрамкан Алиева мындан бир жыл мурда Байыш Жолдошевдин практикалык окуусуна катышып, жыйынтыгында өз үйүндө кичи күнөскана ишкерлигин баштаган.
Аталган ӨЖТ Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан аткарылып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган. Ишкерликти баштоого жалпы 60000 сомдон ашуун каражат жумшалды. Мында алар күнөсканага керектүү жабдыктарды чогултуп, 2 түп мандарин, 3 түп киви, 10 түп лимон жана түркүн гүлдөрдү олтургузушкан. Үй-бүлөлүк топ бул ишкерликти аркалап, иштин кызуусуна кирип, тыным албай эмгектенишип келишүүдө. Жыйынтыгында күнөскана кирешеси чыгып, аталган үй-бүлөлүк топ мөмө жемиштерди сатуу менен каржылык капчыгын толтуруп, ийгиликтүү иш алып барышууда.
- Ар бир иште кыйынчылык болот, бирок талыкпастан эмгектенсе ар бир иш өз жемишин берет. Бул ишкерликти баштагандан бери бизде тыным жок, азыр жемишин көрө баштадык. Мындай ишкерликти баштайм дегендер болсо биз өз тажрыйбабызды колдонуу менен жардам беребиз дейт, - Майрам Алиева.
Эрлан Давлатов, Ош облусу