logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Көйгөйлөр күн сайын чечилүүдө

117.04.2023   09:18

Шарк айыл аймагындагы Кош-Таш айылында түзүлгөн “Шарк” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү ушул жылдын март айынан баштап Кош-Таш 2 көчөсүндөгү инфраструктуралык көйгөйлүү болгон 3 маселени демилгелеп,  айыл  элинин колдоосунда өз күчтөрү менен чечишти.

ӨЖТ Биримдиги элди элди уюштуруп, айыл жашоочуларына коркунуч туудуруп жүргөн коопту дубалды жаңыртышты, эскирген электр чубалгыларын алмаштырышты жана жамгыр учурларында баткак болуп, элди жүдөткөн жолго шагыл төшөштү.

- Журөк өйүтүп жүргөн көйгөйлөрдү чечүү максатында топ мүчөлөрү ортолук сактоолугубуздан 2000 сом акча бөлдүк, айылдагы кичи ишкерлерден 25000 сом, ал эми жашоочулардан 21000 сом акча каражатын тартык. Жыйналган каражатка эки машина шагыл алып, жолго төшөдүк, 2,5 тонна цемент сатып алып 10 мерт кооптуу болгон дубалды ашар жолу менен бетондодук, ошондой эле 30 метрди түзгөн мамыларга электр чубалгыларын жаңыладык дейт, - “Шарк” ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Саодат Усманова.

Иш чара Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында “Шарк” ӨЖТ Биримдигинин демилгеси менен өткөрүлдү.  

2

3

4

6

5

7

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru