logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Тарбиячыларга таасын багыт берген окутуу

112.04.2023  10:23

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунда уюшулган эне мектептердин тарбиячылары үчүн эки күндүк окутуу тренингги уюшулду.

Аны “Эрайым” АКБнын эксперти, дасыккан тарбиячы жана мектепке чейинки мекеменин белгилүү жетекчиси Дильнара Майгулакова Бишкек шаарынан келип, үч багытта окутуу-тренинггин алып барды. Ал “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап технологиялары”, “Мектепке чейинки мекемелерде SREAM билим берүүнү өнүктүрүү” жана ”Ресурстук борборду уюштуруу” деген темалардын негизинде жүрдү. Долбоордун алкагында райондо 33 эне мектеп уюшулса, анын ону кыска мөөнөттүү, бешөө кыйыр түрдө иш алып барат. Ал эми туруктуу иштеген он тогузу толук кандуу бюджетке өткөрүлгөн. Жалпысынан эки миңге жакын бала тартылган. Азыркы күндө бардык эне мектептердеги иш ыргагы өз нугуна түшүп калган. Антсе да билим берүүнүн жаңы ыкмалары жана жаңы технологиялары келип чыгууда. Улам жаңылануу, өзгөрүү доору пайда болуп, мектепке чейинки билим берүү жайларындагы билим, тарбия берүүнүн башааты жаңы нукка бурулууда. Демек, анда иштеген тарбиячылар да улам изденип, окуп, жаңыланып, билимдерин, тажрыйбаларын арттырып туруулары зарыл. Мына ушул өңүттөн алганда тынымсыз билим берүү зарылдыгы келип чыкты. Дильнара Майгулакованын өткөн сабактары да ушул нукта, теория менен практиканын айкалышында жүрдү.

- Азыр жаңы технологиялар ушунчалык тездик менен өсүп жатат. Талап башка. “Тарбия башааты бакчадан башталат” делет. Демек, заманбап ыкмада баланы тарбиялаш үчүн биз алгач эне мектептердеги ишти жандандырып, андагы тарбиячылардын да билимин арттырып, аларга көптү үйрөтүүбүз керек. Анан мамлекеттик деңгээлде да көп маселе алдыбызга коюлуп жатпайбы. Айрыкча Президентибиз тарабынан улуттук баалуулуктарды сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, адеп-ахлак маселесин жандандыруу жагдайында Жарлыктар чыгып жатат. Биз ушул маселени эне мектебинен тартып колго алуубуз зарыл. Эки күндүк окутуу ушул жагдайда жүрүп, тарбиячылардын катышуулары абдан активдүү болду. Ресурстук борбордун ишин жандандыруу менен ал жердеги көрсөтмөлүү куралдарды, усулдук колдонмолорду көбөйтүү жагдайында маселе козголду. Бул жагынан дагы да ондайн форматында болсо да окутууларды улантуу зарылдыгы белгиленди.”Мастер класстарды” өттүк. Негизинен бул жолку окутуу өз максатына жетти-дейт, тренер Дильнара айым.

2

3

4

5

6

7

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru