Күнөскана иштетип, суюлтулган биогумус жасаган айымдар
11.04.2023 09:39
Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагы Союз мезгилинде Фрунзе атындагы колхоз болуп, аны башкарган Социалисттик Эмгектин Баатыры, атактуу пахтакер, кыргыздын сыймыктуу кызыбыз Өлмөскан Атабекова дал ушул өрөөндөн “16 кыз” баштаган бир канча жаштардын комсомолдук бригадасын түзгөн.
Тонналаган ак алтын берген ошол талаа дагы деле ошол бойдон. Урпактар учу уланып, атактуу кыздардын артынан жаңы муун келип, даркан талааны кароосуз калтырышкан жок.
Күнөскана ири киреше алып келди
Ушул өрөөндүн тургундары негизинен мээнеткеч келишет. Алардын сабында Мавлюда Иминова да бар. Ал жаштайынан дыйканчылыкка жакын өскөндүктөн, пахта, жашылча-жемиштерди өстүрүп, айылдагыларга гана эмес, районго таанымал болуп калган. Анан ал заман агымына жараша айылдагы бош олтурган кыз-келиндерди топтоп, адегенде кооперативдик чарба түздү. Айыл аймактын жетекчилиги аларга эки гектардан ашуун жер аянтын бөлүп берди. Тилекке каршы, ал жер аянты таштуу болчу. Анан сугат суу да оңойлук менен жетпейт. Айылдын эң чети. “Биз буюрса дал ошол аянтты силер күткөндөн да артык кылып иштетебиз...” - дешкен айымдар тобу ал жерге жалаң жашылчаларды өстүрүп жатышты. Анан Германиянын Эл аралык кызматташтык коомуна (GIZ) долбоор жазышып, күнөскана курдурушту. Бул топ үчүн абдан ыңгайлуу болду. Ар бири 4 сотых жер аянтын ээлеп, кышын - жайын ушул жерден кетпей иштеп жатышты. Адегенде бир топ болуп, аны “Достук” деп атап алышса, кийин “Адилет” деген өз жардам тобун түзүштү. Эки топ биригип отузга жакын айым ишке тартылды да, жашылчалардын көчөттөрүн өстүрө башташты. Бадыраң, помидор, болгар калемпиринин көчөттөрүн Базар-Коргондун базарына алып чыгышты эле, ар бир даанасын бир сомдон сатып, базарлары кызыды. Анын үстүнө алар көчөткө эч кандай кошумча минералдык азык беришпейт. Нукуралыкка басым жасашып, малдын кыгын даярдап, органикалык азык кылып даярдап алышат. Жашылчалардын да арбын түшүм бере турган көчөттөрүн өстүрүшөт. Адатта башка аймактарга салыштырмалуу бул аймакка жаз эрте келет. Демек, жазгы иштерди да эртелеп башташат. Ал эми күнөскананы жаңы сезонго даярдоо үчүн алар февраль айында эле ишти башташат. Мавлюда айымдын айтымында “күнөскананы иштетүү оңой эмес. Анын да өзүнө тиешелүү түйшүгү, азабы болот. Топтун айымдары азыр ар бири агроном, ар бири өзүнчө адис болуп калышкан. Көчөттү даярдоонун бардык түйшүгүн жакшы билишет ошого жараша тапкандары да таттуу жана жугумдуу. Күнөсканада күйүп-бышып иштеп жүрүшүп, дыйканчылыкка каныгышса, капчыктарына салгандары да муктаждыктарын толук камсыздап жатат.”
Суюлтулган биогумус
Мавлюда айымдын айымдары буга чейин биогумус даярдоону да өздөштүрүп келишкен. Ушул эле күнөскананын жанына атайын биогумус өндүрүүчү аянтча жасап алышып, ал жерден жашылча-жемиштин дагы бир кошумча азыгын камдап алышчу. Анан капыстан Интернет булагынан биугумустун суюк түрүн даярдоо ыкмасын көрүп калышат. Анын ишке ашырууда тажрыйба жасап көрүшөт. Көрсө адамдын колунан баары келет тура. Алар деле дал ошол көргөндөрүнүн негизинде суюк биогумус жасап алышты. Бул тажрыйбаны ушул өрөөндө биринчи жолу алар ишке ашырышты. Топурак биогумуска караганда суюлтулганы бир топ эффект бере тургандыгын да көрүштү. Азыр эми бул ыкманы башкаларга да үйрөтө башташты. Анан даярын сатып да жатышат. Баасы анчейин деле кымбат эмес.
- Бул дагы бизге кошумча киреше алып келип жатат. Суюк биогумусту адегенде өзүбүздүн талаабызда колдондук. Анын натыйжасы абдан жакшы болду. Түшүмдүүлүк да арбын болду. Түшүмдү базарга сатып жатканыбызда анын даамдуулугуна баа берип, кардарларыбыз көбөйүп, анан алар кайда, кантип өстүрүп жатканыбызга кызыгып жатышты. А түгүл айрымдар дүңүнөн эле алып жатышты. Мурда Базар-Коргон менен Ноокен райондорун камсыздап келсек, эми облус борборуна чыгаралы деп ниет кылып жатабыз. Биздин жашылчалар нукуралуулугу, сапаттуулугу жана даамдуулугу менен айырмаланат. Азыр көчөттөрүбүздү сата баштадык. Анан өзүбүздүн күнөсканага көчөт олтургузуп бүттүк. Буюрса, май айында түшүм ала баштайбыз - дейт, Мавлюда айым. Бул топтун иш аракети менен Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун өкүлдөрү Клаудия Хиндерер айым менен Анна Ндиайе айым жана “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахила Жусупова, долбоор менеджери Гулнара Нурматова, уюмдун кызматкер - эксперттери Маматказы Капаров, Алтынай Садырбекова, Абдылас Кошунбаев, уюмдун облустагы өкүлдөрү таанышып чыгышты. “Достук” жана “Адилет” ӨЖТсынын айымдарынын мындай иш аракеттери башка аймактарга да жайылтылып, тажрыйбалары дыйканчылык менен алектенген ӨЖТ Биримдиктерине да үйрөтүлуш керек деген пикирлер айтылды. Баса бул ӨЖТлар “Эрайым АКБсы ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган өз жардам топторунун катарын толуктап, 2020-жылдан бери долбоорго киришти. Эми алар алдыларына көп максат коюп, өз багыттары боюнча билимдерин тереңдетүү аракеттерин башташты.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу