Долбоор кызматкерлери “Биринчи жардам” окуусунан өтүштү
26.02.2019 11.08
“Эрайым” уюму уюмдук өнүгүү максатында өз кызматкерлерин дареметин көтөрүү үчүн ар тараптуу окууларды уюштуруп турат.
Үстүбүздөгү жылдын 12-16-февралдарында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында долбоордун Ош жана Жалал-Абад облусундагы 17 кызматкерине 16 сааттык “Биринчи жардам” окуу курсу уюштурулду.
Окуу курсу Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай Улуттук коомунун Ош жана Жалал-Абад облустук өкүлчүлүктөрүнүн дасыккан тренерлери тарабынан өткөрүлдү.
Окуунун негизги максаты – күтүүсүз өзгөчө кырдалдарда жаракаттарды жана өлүм учурларын кыскартууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле күнүмдүк турмуштагы кооптуу кырдаалдарда адамдын өмүрүн сактоо максатында шек санабастан аракет кылууга катышуучуларды үйрөтүү болуп саналат.
Катышуучуларга өзгөчө кырдаалдарда биринчи медициналык жардамды көрсөтүү боюнча теориялык билимдер берилди. Окуунун жүрүшүндө теориялык билимдер практикалык түрдө жогорку сапаттагы маникендерди колдонуу менен атайын көнүгүмдөрдүн коштолуусунда бекемделди.
- “Биринчи жардамды өздөштүрүү биздин иштеп жаткан чөйрөгө өтө маанилүү, эгерде иш учурунда кандайдыр күтүүсүз, кооптуу кырдаал жаралса ар бир кызматкер алгачкы жардамды көрсөтүүнү билүүсү зарыл” – деп кошумчалады долбоордун Ош облусу боюнча жергиликтүү тирекчи Икрам Исраилов. Көнүгүмдүн аягында ар бир катышуучуга “Биринчи жардам” окуу көнүгүмүн ийгиликтүү аякатагандыгын тастыктоочу сертификаттар берилди.
Эрлан Давлатов, Ош облусу боюнча долбоордун PR адиси