Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында ӨЖТ Биримдиктери түзүлдү
30.06.2018 12:06
2018-жылдын 22-23-июнь күндөрү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында өз жардам топторунун (ӨЖТ) жалпы жыйыны болуп өттү.
Жыйындын негизги максаты Шарк, Кызыл-Кыштак жана Мады айыл аймактарында туруктуу иштеп жаткан өз жардам топторунан ӨЖТ Биримдиктерин түзүү. 22-июнда эртең менен жалпы жыйын Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылында болду.
Жыйынды Ош облусу боюнча ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева ачып, айылдагы ӨЖТнун түзүлүү жана уюштуруу тарыхы жөнүндө маалымат берүүсү менен башталды. ӨЖТ Биримдигин түзүүдөгү региондогу иш-аракеттер жана долбооордун аткарылышы боюнча “Эрайым”АКБнин төрайымы Рахила Жусупова сөз сүйлөп, ал эми эксперт Абдылас Кошумбаев жана Элмира Сепишовалар Нарын облусунда түзүлгөн ӨЖТ Биримдиктеринин ийгиликтери жана тажрыйбасы боюнча маанилүү баяндама жасашты.
Жалпы жыйынга ӨЖТ мүчөлөрү, “Эрайым” АКБнин төрайымы, эксперттер, PR менеджер жана Жалал-Абад облусу боюнча ӨЖТ тирекчиси ошондой эле Ош облусундагы жалпы жумушчу тобу катышты. Үч аймактан жалпы катышуучулардын саны 139 болду.
Бул иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыштак айыл аймагында уюшулган “Бектурсун”, “Байбол”, “Арзуу”, “Ынтымак”, “Дам-1”, “Ак тилек” ӨЖТ мүчөлөрү. Мады айыл аймагынан болсо “Жакшылык, “Үмүт”, “Ырыскы”, “Оомат”, “Достук”, “Ак ниет” өз жардам топтору жана Шарк айыл аймагында түзүлгөн “Гүлбахар”, “Хамза”, “Үмүт”, “Навбахар”, “Ак ниет”, “Радуга” ӨЖТнан турган Биримдик түзүү менен бирге Биримдиктин жобосун кабыл алып, аткаруу (органына) мүчөлөрдү шайлашты. Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир топ өздөрүнүн түзүлүү тарыхын жана төрт багытта жүргүзгөн иштери боюнча бет ачар жасашты.
ӨЖТ Биримдиги ӨЖТ тастыктамасын (концепция) жакшы өздөштүргөн, долбоордун негизинде өтүлгөн көнүгүмдөрдү терең өздөштүрүү аркылуу өз көйгөйлөрүн өздөрү чечкен, ишкерликтин түрлөрүн ачып, жумуш орундарын түзүүгө жетишкен ӨЖТнун тутумунан турат.
ӨЖТ Биримдигине токтомдун негизинде Кызыл-Кыштак айыл аймагынан ар бир топтон экиден мүчө сунушталып, Ордосуна (аткаруу органына) жетекчи катары “Дам-1” тобунун мүчөсү Нишанова Авакан, катчылыгына “Байбол” тобунун мүчөсү Ахмедалиева Кызжибек жана эсепчи катары “Бектурсун” тобунун мүчөсү Чинасова Зулфиялар шайланып “Керме-Тоо Биримдиги” түзүлдү. ӨЖТ Биримдигинин кирүү акысы 400 сом өлчөмүндө, мүчөлүк акы 200 сом өлчөмүндө, ал эми сактоолуктан ички насыялоодогу пайызынын өлчөмү 5% болуп бекитилди. Иш-чара “Бектурсун” өз жардам тобунун концерттик программасы менен жыйынтыкталды. Ал эми ушул күндүн экинчи жарымында Мады айыл аймагында “Курманжан Датка Биримдиги” түзулүп ага жетекчи “Ак ниет” тобунан Турсунова Санжыра, катчы катары “Үмүт” тобунан Матусмонова Букен, эсепчи “Ырыскы” тобунан Кадырахунова Батмалар шайланып, ӨЖТ Биримдигинин кирүү акысын 400 сом өлчөмүндө, мүчөлүк акысын 400 сом өлчөмүндө, ал эми сактоолуктан ички насыялоодогу пайызынын өлчөмү 5% болсун деп бекитишти.
23-июндун биринчи жарымында Шарк айыл аймагында болсо “Шарк Биримдиги” түзүлүп “Үмүт” тобунан Нурбаева Насиба жетекчи, катчы “Хамза” тобунан Алимова Нулифар, эсепчи “Радуга” тобунан ”Латипова Шаиста көрсөтүлүп шайланышты. ӨЖТ Биримдигинин кирүү акысы 400 сом өлчөмүндө, мүчөлүк акы 400 сом өлчөмүндө, ал эми сактоолуктан ички насыялоодогу пайызын жокко чыгарылсын деп бекиттишти.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Биримдиктин жобосун талкуулап, жактырып бир добуштан кабыл алышты. Ар бир топ ӨЖТ Биримдигине эки мүчөдөн өкүлдөрдү көрсөттү жана ал өкүлдөр шайланышты. Жыйындын аягында топтун аксакал мүчөлөрү өз каалоо-тилектерин айтып, ийгиликтерди каалашты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу