“Жакшылык” өз жардам тобунун жакшы иштери
28.03.2018 16:25
Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караган Кош-Коргон айылында он бир аялдан турган “Жакшылык” Өз жардам тобу бар. Алардын мындай биригүүсүнө “Эрайым” аялдар бирикмесинин таасири чоң болду. Себеби, ал уюмдун активисттери атайын келишип, азыркы кездеги бир катар өнүккөн мамлекеттердин өнүгүү жолундагы чыйыры мына ушундай Өз жардам топторунан башталган мисалдарды келтирип, атайын окуу көнүгүмдөрүн өтүшкөн.
Ошол шыкактоо иш чарасынан таасир алган аялдар “Биз деле биригип, айылыбызга, элибизге пайда келтире турган иштерди жасабайлыбы?” деген чечимге келишип, топ түзүшкөн. Азыр бул топту 72 жашка келип калган, Баатыр эне Арзыкан Сыргабаева жетектейт. Ал эми калган мүчөлөрүнүн эң жашы 37 де болсо, улуусу Арзыкан апа. Алар биригип бир боз үй жасашты. Топто чеберлер көп. Айылдагы турмуш жолуна аттанган кыздардын себин алар жасап берип жатышат. Айрыкча кызы качып кеткендер, “тез арада жер төшөк, жөлөнгүч, же көшөгө жасап бере салгылачы?” деп кайрылышканда, алар бир заматта топтоло калып, буюртманы аткара салышат. Кээде “боорсок, каттама, нандын түрлөрүн жасап бергиле” дегендер болот. Мына ушундай кызматтары менен айылдыктарга жагып баратышат. Эми алардын максаты айыл аймактын жетекчилигине кайрылып, атайын жай алып, тейлөө цехин ачсак дешет. Ал жайда улуттук буюмдарды, кийимдерди тигүү, улуттук тамак-аштарды жасоо кызматы менен биргеликте кызмат көрсөтүү тобу да иштейт эле-дейт, топ башчысы Арзыкан апа.
Алар маданий иш чаралардан да четте эмес. Күнү кечээ эле күн менен түн теңелип, жаңы күндүн келишин шарттаган Нооруз майрамын өткөрүштү. Ага айыл аймактын өкүлдөрү, айыл тургундар чакырылып, бул топ уюштурган “Бешикке салуу”, “Тушоо кесүү, “Сүмөлөк кайнатуу” шаанисине күбө болушту. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарында уюшулган ӨЖТ лар боюнча тирекчи Кишимжан Боронбаеванын айтымында “аталган айыл аймактарында 18 ӨЖТ иштеп жатса, алардын арасынан үлгүлүү жана демилгелүү топ мына ушул кыз келиндер. Алар өз аймактарында бир топ жакшы иштерди жасап келе жатышат. Андагы кыз-келиндердин бардыгы үйүндө эле бала багып олтургандар болсо да, бош убактыларын текке кетиришпейт. Айрыкча айылдагы каада салттар, аш-той болгондо уюша калышып, жардамдарын беришет. Өздүк фонддорун да улам арбытып жатышат. Жакында алар “ӨЖТ Биримдигине” кирүү алдында турушат. Ага карата керектүу кагаздарын жыйнашып, камылгаларды мыктылап көрүп жатышат. Эгер бул топко киришсе, алар үчүн дагы алдыда чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат” - дейт ал.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу