"Экожүрүш" өнөктүгү
28.03.2018 14:38
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебиндеги, Токтогул атындагы жана Ысак уулу Тешебай атындагы орто мектептердеги Балдардын өз жардам топтору айлана чөйрөнүн тазалыгын сактоо жана аталган аймакта жүрүп жаткан “Жашылдандыруу, көрктөндүрүүнүн үч айлыгы” иш чарасына салым кошуу максатында “Экожүрүш” жасашты.
Ага үч мектептен жыйырма БӨЖТ мүчөлөрү катышышты. Жатак мектептин окуучулары Базар-Коргон айылындагы Парпиев көчөсүнүн жээктерин таштандылардан арылтып, бак-дарактардын түбүн жумшартышты. Айрым жерлерине жаңы көчөт олтургузушту. Ошол эле мезгилде бул көчөнүн жашоочуларын тазалыкка чакырган акцияны өткөрүштү. Ал эми Токтогул атындагы орто мектептин окуучулары өздөрү билим алып жаткан мектептин айланасын тазалап, иретке келтиришти. Мына ушундай эле жумушту Ысак уулу Тешебай атындагы орто мектептеги Балдардын өз жардам топторунун мүчөлөрү жасашты.
- Мындай демилгени БӨЖТ мүчөлөрү ар жылы башташат жана башка окуучуларды үндөшөт. Мындагы негизги максат айлана-чөйрөнү таза кармоого, кооз аймакта жашоого башкаларды үндөө. Балдардын мындай аракеттерине мектептердин жетекчилери, мугалимдер да кайдыгер карашпай, иш чарабызга салым кошушту. Ал эми тазалык үчүн жасаган аракетибиз дагы да улантыла берет - дейт, БӨЖТ тирекчиси Максат Пирматов.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу