116.10.2017   17:45

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусу боюнча долбоорго кирген аймактардын тургундарына психологиялык жактан жардам көрсөтүп келе жаткан, долбоордун психологу Жылдыз Калдарбекова бул долбоордун талабынын негизинде жумушун жаңы ыкма менен жүргүзүүдө.

Анын айтымында долбоорго кирген Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруу, Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарынын тургундарына улуу, же кичүүсүнө карабай психологиялык жардамга муктаж болгондор менен иштешет. Мында эң алдын иликтөө жүргүзүлүп, жакыр же жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөр үчүн анкета толтурулуп, алардын жашоо абалына көңүл бурулган. Ошол эле мезгилде андай үй-бүлөлөрдүн балдарына да камкордук көрүү зарылдыгы бар экенин тактап чыккан. Ошондон улам ден соолугу начар, ар кандай дарт менен ооруп жүргөн балдарды Жалал-Абад шаарындагы “Бакыт” санаториясында акысыз дарылануу мүмкүнчүлүгүн жарата алды.

- Бул ирет Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Токтогул Сатылганов, Бекмамат Осмонов, Ысак уулу Тешебай жана Палванов атындагы орто мектептерден он бир окуучуну аталган санаторияга жаткырдык. Алар ар мектептеги соцмугалимдердин көмөгү менен тандалды.Аталган санаторияда он күн эс алышат. Ал балдар турмуш шарты начар үй-бүлөдөн. Азыркы шартка жараша медициналык жайларга барып, дарыланууга мүмкүнчүлүктөрү жетишпейт. Биз иликтеп көрсөк, ошол балдардын биринин бөйрөгү, дагы биринин тамагы, буту ооруйт экен. Каны аздар да бар. Кыска аралык болсо да балдар жетиштүү эле дарыланып, анан эс алып да кайтышат. Ал жерден досторду табышат. Негизи биз ушул долбоор башталгандан бери “Бакыт ” санаториясы менен келишим түзгөнбүз. Ар окуу жылында долбоорго кирген аймактардан жакыр, же жардамга муктаж болгон үй-бүлөнүн балдарын алып келип турабыз. Ал жердеги дарыгерлер, медицина кызматкерлери,жалпы эле жамааты балдарга жакшы мамиле жасашат. Дарылангандан сырткары балдар көп нерсени үйрөнүшөт. Дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасашып, маданий массалык иш чараларга катышышат. Башка балдар менен мамиле түзгөндү, маданияттуу болууну да үйрөнүп, психологиялык жактан өзгөрүп кайтып жатышат. Биз ага кубанып жатабыз-дейт Жылдыз айым.

2

3

4

5

Бактыкан Ажымаматова
Долбоордун Жалал-Абад облусу боюнча PR адиси