21.03.2015  10.23

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жаңы жылдагы жаңы долбоорунун көч башында “Достук” мектеп радиосу болуп калды. Аталган долбоорду Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча мамлекеттик агенттиги колдогон. Бул агенттиктин 2013-2017-жылдарга карата Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө багытындагы чакан грант берүү программасы ишке ашырыла баштаган эле. Андыктан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан бул агенттикке жаңы долбоор сунушталып, ал кыска аралыкта колдоо тапты.

Анын негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында жайгашкан №16 Абу Али Ибн Сина, Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу №117 Камил Маткеримов атындагы орто мектептери, ал эми Жалал-Абад облусунан болсо үч мектеп киргизилди. Алар Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагында жайгашкан №30 Өлмөскан Атабекова атындагы гимназия мектеби, ушул эле аймактагы Жоомарт Бөкөмбаев атындагы жатак мектеби жана Жалал-Абад шаарындагы №7 Алым Усман атындагы орто мектептерде “Достук” Мектеп радиолору ачылды. Алгач ар бир мектептен 10, 15 тен окуучу атайын сынак менен тандалып, алар 10 күндүк окуу программасынын негизинде радио журналистикага даярдалышты. Алар бир эле мезгилде радиоменеджери, диджей, репортер, интервьер жана алып баруучу боло алышат. Окутуу мезгилинде балдардын радиожурналистикага кызыгуулары күчтүү экендиги байкалды жана алар кыска аралыкта өздөрүнө көп пайдалуу билим ала алышты.

schoolradio5

Долбоордун программасынын негизинде ар бир мектепке радиостудия үчүн керектүү жабдыктар сатылып алынып, тиешелүү бөлмөлөргө коюлду. Мында ар бир мектептин жетекчилиги да жеке жакшы салым кошушуп, Радиостудия үчүн атайын бөлмө ажыратып беришти жана анын ички жасалгаларын өз моюндарына алышты. Ошентип, күткөн саат келип, долбоорго кирген бардык мектепте “Достук” мектеп радиосун ачуу аземдери үстүбүздөгү жылдын 13-14-марттарында болуп өттү. Адегенде Ош облусундагы мектептер бул ирмемди эсте калаарлык маанайда белгилешти. Ушул күнү балдардын жана мектеп жамаатынын кубанычы чексиз болду. Себеби, эми өз турмуштары тууралуу радиоуктуруу аркылуу байма-бай маалыматтарды алып турушат. Ошол эле учурда айыл аймактардагы Өз Жардам топтору, айыл активисттери, жергиликтүү жетекчилер катышышты. Ал эми “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахила Жусупова, бирикменин өкүлдөрү Гүлнара Нурматова, Алтынай Сабырбекова, уюмдун облустагы өкүлдөрү ар бир иш чаранын күбөсү болушту. Балдардын арасындагы достук менен ынтымакты чыңдоого мындай долбоор чоң себепкер боло тургандыгын билдиришип, анын катарын дагы да кеңейтүү зарылдыгын белгилеп жатышты. Базар-Коргон районунун акими Таалай Дөлдөев мындай долбоорду ишке ашырып жаткан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесине терең ыраазычылыгын айтып, башка мектептерге да ачуу керектигин кошумчалады. Ушул өңдүү майда жана ири долбоорлордун арты менен район өткөн жылы бир миллиарддан ашуун инвестиция тартканын белгилеп кетти. Айыл аймактардын өкүлдөрү, билим берүү тармагынын адистери да жакшы саамалыктын күбөсү болушту. Долбоорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн агенттиктин өкүлү Эмил Досов да ар бир иш чарага катышып, куттуктоо сөзүн айтып жатты.

schoolradio3

Ошентип, долбоорго кирген беш мектепте жагымдуу окуя жүз берип, балдардын үнүн обого алып чыга турган, мектептин турмушун ар тараптуу чагылдырчуу “Достук” мектеп радиосунун кызыл тасмасы кесилди. Сабактагы кыска жана узун танапис учурунда кызыктуу маалыматтар уктурулат. Мында негизинен мектеп турмушуна басым жасалат. Балдар бул радио уктуруулар аркылуу өздөрүндө болгон маалыматтар менен да кенен бөлүшө алышат.

schoolradio1

schoolradio6

schoolradio2

schoolradio4

Бактыкан Ажымаматова