“Каржы сабаттуулугу” көнүгүмү
20.02.2023 10:57
2023-жылдын февраль айында Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак, Шарк, Төлөйкөн айыл аймактарында уюшулган 18 балдар өз жардам топторунун мүчөлөрүнө “Каржы сабаттуулугу” окуу көнүгүмү уюштурулду.
Окуу “Эрайым” уюму тарабынан Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Салттуу жана заманбап ыкмаларды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндөгү элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин чыңдоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Окууну «Эрайым» уюмунун машыкчысы Алтынай Сабырбекова онлайн форматында өткөрүп, аны өткөрүүгө долбоордун БӨЖТ боюнча жергиликтүү тирекчиси Кыял Мамажанова жардам берди. Көнүгүмдө балдар үй-бүлөлүк бюджет жөнүндө кенээн түшүнүк алышты, кирешелер жана чыгашалардын айрымасын, акчаны кантип үнөмдөп чогултуу ыкмасын жана башка маалыматтарды үйрөнө алышты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу