Укугун билбегендиктин кесепети
30.12.2020 10:26
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Жалал-Абад облусунда иш алып барып жаткан юрист Гүлнара Ташиева укугун билбеген ондогон жарандарга юридикалык жардамдарды берип келет.
Ошол эле мезгилде Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнун жашы жете электер менен иш алып баруу инспекциясынын инспектору Исмадияр Раимов, долбоордун психологу Жылдыз Калдарбекова менен биргеликте Акман айыл аймагындагы бир катар айылдарга рейддик текшерүү жүргүзүштү. Мындагы максат пандемиялык кырдаалда балдардын онлайн форматында,аралыктан билим алып жаткандыгынан улам, алардын көчөдө, же кандайдыр бир жайларда, базарларда бейчээки жүрүүсүн токтотуу жана аларга түшүндүрүү иштерин алып баруу. Ошону менен катар ар кандай багытта мыйзам бузуу аракеттеринен улам ички иштер бөлүмүнө каттоого алынган балдардын жүрүм-турумдарынан кабар алуу. Алардын бири Кайырма айылынын тургуну, 2004-жылы туулган Максатбек уулу Нурсултан мындан бир канча убакыт мурда өз укугун билбегендегинен кайсы бир мыйзамсыз ишке аралашып калган. Аны менен юристтин жана психологдун жеке жолугушууларынан, сүйлөшүулөрүнөн кийин ал жүрүм-турумдарын оңдоп баштаган. Көчөгө себепсиз чыкпай, ата-энесине жардам бере баштаган. Ошол эле мезгилде сабагын да жакшы окуп, мектепти аяктап, жогорку окуу жайына тапшыруу, бир кесипке ээ болуу максатын да алдына койгон. Бул жолку рейддик текшерүүдө Нурсултан менен да жолугушушту. Анын паспорт алуусуна да жардамдар берилип жатат.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу