Эне мектептери жаны жылга жаңыланууларды баштады
30.12.2020 10:15
“Эрайым” АКБсы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемедөө” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак жана долбоордун таасири менен Нариман, Жаңы-Арык айыл аймактарында ачылган эне мектептеринде жаңы-жылга карата тарбиячылар арасында кол өнөрчүлүк өнүктүрүү иш-чарасы ушул жылдын 24-декабрь күнү Мады айылындагы “Билим Нуру” эне мектебинде болуп өттү.
Иш-чара жаңы-жылга карата багытталып, жаңы кадамдар менен башталды. Ага көркөм кол өнөрчүлүк борборунда иштеген Нурпери Орозбаева келип жалпы катышуучуларга Энелер мектеби үчүн керектеүү болгон кол өнөрчүлүк өнөрүн үйрөтүп, анда тарбиячылар жаңы жылдык балатынын түрлөрүн, куттуктоо баракчаларын жана жомок каармандарын жасоону үйрөнө алышты. Жасалган буюмдар тарбиячылардын кызыгуусун арттырып, өздөрү дагы бир топ белектерди жаңы жылга карата балдарга даярдашты дейт – долбоордун эне мектептери боюнча Ош болусундагы тирекчиси Гүлкайыр Жолдубаева.
Бул саамалыктын соңунда ресрустук борбордун атынан тарбиячылар үчүн жаңы жылга карата жакшы тилектер айтылып, ал эми ар бир катышуучуга көңүл көтөргөн белектер тартууланды. “Эне мектептеринин” эмгек жамааты, баарыңыздардын кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайт, элибизде тынчтык жана амандык болуп, биз тарбиялаган балдар келечектүү болушсун деген тилегин арнашты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу