629.12.2020   19:01

2020-жылдын ноябрь-декабрь айыларында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай, Нариман, Төлөйкөн айыл аймактарында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында аталалган 3 аймактан 6 Өз жардам тобу түзүлдү.

Жаңыдан уюшулган ӨЖТ топтору менен жолугушууда долбоордун Ош облусу боюнча ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева айылдагы ӨЖТнун түзүлүү жана уюштуруу тарыхына токтолуп, катышуучуларга кенээн маалымат берди. ӨЖТ Биримдигин түзүүдөгү региондогу иш-аракеттер жана долбооордун аткарылышы боюнча маалыматка долбоордун Ош дубанындагы тирекчиси Икрам Исраилов токтоло кетти, ал эми долбоордун машыкчылары Эрлан Давлатов жана Соадат Усманова Шарк, Кызыл-Кыштак жана Мады айыл аймактарындагы 50 ӨЖТнан түзүлгөн 3 Биримдиктин жасаган ийгиликтери жана тажрыйбасы боюнча маанилүү баяндама жасашты.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө катышуучу мүчөлөргө тажрыйбалуу ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева жана машыкчылар Эрлан Давлатов, Соадат Усманова МЧА көнүгүмдөрү боюнча маалымат берип, алардын муктаждыктарын чогуу аныкташты. Окуунун жыйынтыгында жаңы көчөлөрдөгү жол, суу, жарыктык жана айылдагы жумушсуздук менен кошо бала бакча көйгөйлөрү талкуу болду.  

1

3

4

5

7

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу