«Эне мектептердин» онлайн сынагы
12.12.2020 11:56
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунда уюшулган “Эне мектептердин” арасында пандемиялык кырдаалды эске алуу менен онлайн сынагы уюштурулган.
Мында долбоорго кирген жыйырма эне мектебинин тарбиячылар керектөөдөн чыккан, бирок, нукура, таза буюмдардан ар кандай кол өнөрчүлүк аркылуу буюмдарды жасоо талабы коюлган. Мында ар кандай кездемелер, кийиз, кагаз, эгиндердин дандары, күнүмдүк тиричиликте колдонулбай калган буюмдар пайдаланылат. Тарбиячылар балдар менен аралыктан иш алып баруу менен жай айынан бери өз колдорунан жасаган не бир керемет буюмдарды сынакка коюшкан.
Долбоордун “Эне мектептери” боюнча тирекчиси Дилфуза Назаралиеванын айтымына караганда “бул сынакка он бир Эне мектебинин тарбиячылары активдүү катышып, жасаган буюмдарын улам жөнөтүп турушкан. Биринен экинчиси кооз, биринен экинчиси суктанаарлык, ошол эле мезгилде балдардын табитине төп келген, жомок каармандарынын элесин берген буюмдар, көргөзмөлөрдү тандоодо аябай кыйналдык. Кимисине кандай баа беришти билбей, башыбыз катты. Акыры бардыгын жеңүүчү деп таап, белектерибизди тапшырдык. Сынактын соңку ирмеми көргөзмө менен жыйынтыкталып, активдүү катышкандарга сыйлык тапшыруу менен аяктады” - дейт.
Антсе да, “Назик”, “Раяна”, “Нагима”. “Бурул эне”, “Периште” эне мектептеринин тарбиячыларынын эмгеги артыкчылыкка ээ болуп турганы байкалат. Көргөзмо тажрыйба алмашууга да түрткү берди. Анткени, мындай кооздуктарды кантип жасоо керектигин көрүштү. Үйрөнгөндөрүн өз иштеринде колдоно турган болушту. Айта кетүүчү жагдай, “Эне мектептери” үчүн уюм тарабынан тез-тез окутуулар, семинарлар өтүп турат. Мында долбоордун тирекчиси Дильнара Майгулакова көп нерсени теория жүзүндө, анан практикада да үйрөтүп турат. Демек, көргөзмөгө коюлган буюмдардын дээрлик көпчүлүгүн ошол окутуулардын таасиринен улам жасашкандыгын жашырышкан жок.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу