01.02.2017   21:50

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында
"УКУК КЕҢЕШЧИСИ"
кызмат ордуна сынак жарыялайт.

  • Укук кеңешчиси (2 бирдик - Ош жана Жалал-Абад дубандарына 1 орундан)

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Кесиптик билиминин деңгээли:

  •  жогорку юридикалык билими бар.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • адистиги боюнча иш стажы кеминде 5 жыл.
  • бейөкмөт уюмдардын долбоорлорунда кеминде 2 жыл иш тажрыйбасы бар болуусу шарт.

Билими:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик, расмий жана өзбек тилдерин билүүсү жана түшүнүүсү;
  • компьютерди колдонуучунун деңгээлинде билүүсү (MS Word, Excel, PowerPoint программалары жана Интернет).

Жалпы милдеттер:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык иш кагаздарды иштөө жана талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
  • жоопчотторду аналитикалык таризде жазуу жана тапшыруу.

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • долбоордун максаттуу топторуна алардын социалдык, экономикалык укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү:
    - паспорт, пенсия, жөлөк пул, туулгандыгы жана нике күбөлүктөрүн алуу; 
    - жергиликтүү өкмөткө каттоо;
    - сырткы миграцияга баруудагы коопсуздук;
    - жер үлүштөрүн мыйзамдаштыруу;
    - тийешелүү гумманитардык жардамдарды алуу ж.б.
  • юридикалык жардам алган керектөөчүлөргө бейлөө жүргүзүү;
  • бир айда 2 жолу долбоордун аймагына барып максаттуу топтор менен жолугуп юридикалык кеңештерди уюштуруу.
  • долбоор алкагында юридикалык жардам алгандардын электрондук картотекасын түзүү;
  • долбоордун жергиликтүү тобунун чогулуштарына катышуу жана маалымат алмашуу;
  • долбоордун жергиликтүү тобу тарабынан түзүлгөн иш-кагаздарга юридикалык анализ берүү;
  • өз жардам топторунун Биримдигин түзүүдө юридикалык жактан кеп-кеңештерин берүү;
  • ар бир алты айда Программалык Менеджерге аткарган иштери боюнча жоопчотторду тапшыруу;
  • иш жараянында бекитилген тартипти, этикалык ченемдерди жана корпоративдик маданиятты сактоо.

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР:

  • резюме сүрөтү менен (кыргыз же орус тилдеринде);
  • коштомо кат (кыргыз же орус тилдеринде);
  • жогорку билими тууралуу документтин көчүрмөсү (диплом);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

Сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтерди “УКУК КЕҢЕШЧИСИНЕ” деген темада Ош дубаны үчүн: 715363, Кара-Суу районунун Шарк айылынын Кош-Таш көчөсүндөгү №16 Абу Али Ибн Сино орто мектебине “Эрайым” уюмунун кеңсесине же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине электрондук таризде, ал эми Жалал-Абад дубаны үчүн: 720800, Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы Ж. Парпиев көчөсүндөгү “Эрайым” уюмунун кеңсесине (ориентир Ж.Бөкөнбаев жатак мектеби) же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине электрондук таризде 2017-жылдын 10-февраль, саат 17.00гө чейин жиберүү керек.

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

Суроолор үчүн сурап билүү телефондору: Ош дубаны үчүн – 0550190003, 0776190030, Жалал-Абад дубаны үчүн - 0777 722773.