01.02.2017   21:25

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында
"МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА ИЙРИМИНИН ЖЕТЕКЧИСИ"
кызмат ордуна сынак жарыялайт.

  • Менталдык арифметика ийриминин жетекчиси (2 бирдик - Ош жана Жалал-Абад дубандарына 1 орундан)

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Кесиптик билиминин деңгээли:

  • жогорку кесиптик педагогикалык жана психологиялык билими бар.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • педагогикалык-психологиялык стажы кеминде 3 жыл.
  • бейөкмөт уюмдардын долбоорлорунда кеминде 2 жыл иш тажрыйбасы бар болуусу шарт.

Билими:

  • өзүнө тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик, расмий жана өзбек тилдерин билүүсү жана түшүнүүсү;
  • жаңы окутуу ыкмаларын үйрөнүүгө даяр;
  • компьютерди колдонуучунун деңгээлинде билүүсү (MS Word, Excel, PowerPoint программалары жана Интернет).

Жалпы милдеттер:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык иш кагаздарды иштөө жана талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
  • жоопчотторду аналитикалык таризде жазуу жана тапшыруу.

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • ийримге катышуучу балдардын толук тизмесин түзүү;
  • менталдык арфиметиканы окутуунун программасын иштеп чыгуу;
  • окутуу программасын балдардын достугун, ынтымагын, биримдигин чыңдоого багыттоо;
  • ийримдин мүчөлөрүнүн ата-энелери, класс жетекчилери менен тыгыз байланышта болуп, балдардын таалим-тарбиясын позитивдүү жакка буруу үчүн жалпы аракет жасоо;
  • мектептеги класс жетекчиси менен математика мугалими тыгыз кызматташуусу аркылуу ийримге катышкан балдардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө;
  • ийримдин балдарынын укуктарын тебелеп, басмырлабоо жана аларды өз оюн эркин, маданияттуу айтканга багыттоо;
  • ийримдин катышуучуларын мектептик, райондук, шаардык, республикалык конкурстук программаларга катыштыруу;
  • ар жылда ийримдин жыйынтыктары боюнча ата энелерге отчеттук иш чара уюштуруу;
  • ар бир алты айда Программалык Менеджерге аткарган иштери боюнча жоопчотторду тапшыруу;
  • иш жараянында бекитилген тартипти, этикалык ченемдерди жана корпоративдик маданиятты сактоо.

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР:

  • резюме сүрөтү менен (кыргыз же орус тилдеринде);
  • коштомо кат (кыргыз же орус тилдеринде);
  • жогорку билими тууралуу документтин көчүрмөсү (диплом);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

Сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтерди “МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА ИЙРИМИНЕ” деген темада Ош дубаны үчүн: 715363, Кара-Суу районунун Шарк айылынын Кош-Таш көчөсүндөгү №16 Абу Али Ибн Сино орто мектебине “Эрайым” уюмунун кеңсесине же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине электрондук таризде, ал эми Жалал-Абад дубаны үчүн: 720800, Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы Ж. Парпиев көчөсүндөгү “Эрайым” уюмунун кеңсесине (ориентир Ж.Бөкөнбаев жатак мектеби) же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине электрондук таризде 2017-жылдын 10-февраль, саат 17.00гө чейин жиберүү керек.

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

Суроолор үчүн сурап билүү телефондору: Ош дубаны үчүн – 0550190003, 0776190030, Жалал-Абад дубаны үчүн - 0777 722773.