01.02.2017   21:05

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында
"ОРУС ТИЛ ИЙРИМИНИН ЖЕТЕКЧИСИ"
кызмат ордуна сынак жарыялайт.

  • Орус тил ийриминин жетекчиси (2 бирдик - Ош жана Жалал-Абад дубандарына 1 орундан)

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Кесиптик билиминин деңгээли:

  • Орус тилинен жогорку педагогикалык/лингвистикалык билими бар.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • адистиги боюнча иш стажы кеминде 5 жыл, анын ичинде мектеп жашындагы балдар менен иштеген сабак берүү стажы кеминде 2 жыл.
  • бейөкмөт уюмдардын долбоорлорунда кеминде 2 жыл иш тажрыйбасы бар болуусу шарт.

Билими:

  • өзүнө тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик, расмий жана өзбек тилдерин билүүсү жана түшүнүүсү.
  • компьютерди колдонуучунун деңгээлинде билүүсү (MS Word, Excel, PowerPoint программалары жана Интернет).

Жалпы милдеттер:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык иш кагаздарды иштөө жана талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
  • жоопчотторду аналитикалык таризде жазуу жана тапшыруу.

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • ийримдин катышуучуларынын орус тилде сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн алгачкы деңгээлин аныктап анализдөө;
  • алынган анализдин негизинде ийримдин катышуучуларына орус тилди окутуу программасын иштеп чыгуу;
  • окутуу программасын тил үйрөнүүнүн заман талабына ылайык ыкмаларды колдонуу менен түзүү;
  • окутуу программасын балдардын достугун, ынтымагын, биримдигин чыңдоого багыттоо;
  • окутуу программадан тышкары балдар менен бирдикте орус тилинде иш-чараларды уюштуруу (дебат, дискуссия, ролдоштурулган оюндар ж.б.);
  • ийримдин мүчөлөрүнүн ата-энелери, класс жетекчилери менен тыгыз байланышта болуп балдардын таалим-тарбиясын позитивдүү жакка буруу үчүн жалпы аракеттерди жасоо;
  • мектептеги класс жетекчиси, орус тил мугалими менен тыгыз байланышып ийримге катышкан балдардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө;
  • ийримдин балдарынын укуктарын тебелеп, басмырлабоо жана аларды өз ойун эркин, маданияттуу айтканга багыттоо;
  • ийримдин катышуучуларын мектептик, райондук, шаардык олимпиадаларга катыштыруу;
  • ар жылда ийримдин жыйынтыктары боюнча ата энелерге отчеттук иш-чара уюштуруу;
  • ар бир алты айда Программалык Менеджерине аткарган иштери боюнча жоопчотторду тапшыруу;
  • иш жараянында бекитилген тартипти, этикалык ченемдерди жана корпоративдик маданиятты сактоо.

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР:

  • резюме сүрөтү менен (кыргыз же орус тилдеринде);
  • коштомо кат (кыргыз же өзбек тилдеринде, орус тилиндеги котормосу менен);
  • жогорку билими тууралуу документтин көчүрмөсү (диплом);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

Сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтерди “ОРУС ТИЛ ИЙРИМИНЕ” деген темада Ош дубаны үчүн: 715363, Кара-Суу районунун Шарк айылынын Кош-Таш көчөсүндөгү №16 Абу Али Ибн Сино орто мектебине “Эрайым” уюмунун кеңсесине же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине электрондук таризде, ал эми Жалал-Абад дубаны үчүн: 720800, Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы Ж. Парпиев көчөсүндөгү “Эрайым” уюмунун кеңсесине (ориентир Ж.Бөкөнбаев жатак мектеби) же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине электрондук таризде 2017-жылдын 10-февраль, саат 17.00гө чейин жиберүү керек.

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

Суроолор үчүн сурап билүү телефондору: Ош дубаны үчүн – 0550190003, 0776190030, Жалал-Абад дубаны үчүн - 0777 722773.