"Достук" мектеп радиосу долбоорунун алкагында КАСТИНГ жарыяланат
24.01.2015 17:07
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө боюнча долбоорлордун чакан гранттарынын программасынын негизинде колдоого алынган "Эрайым" Аялдар Коомдук Бирикмесинин "Достук" мектеп радиосу долбоорунун алкагында КАСТИНГ жарыялайт!
Долбоордун аймагы: Кара-Суу районунун Шарк а\а, Абу Али Ибн Сина атындагы №16 - мектебине, Кызыл-Кыштак а\а, Камил Маткеримов атындагы № 117- мектебине, ошондой эле Базар–Коргон районунун Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак гимназиясында, Өлмаскан Атабекова атындагы №30- мектебине, Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов жергиликтүү башкармасына караштуу №7 – орто мектебине “Достук” мектеп радиосу уюштурулат.
Долбоордун максаты: Мектеп радио маалымат каражатын түзүү аркылуу ар улуттун балдарынын достугун, ынтымагын, биримдигин бекемдөө жана мектеп окуучуларынын ар тараптуу өнүгүшүнө шарт түзүү. 25 окуучуну ди-джейликке окутуу.
Долбоордун натыйжасы: “Достук” мектеп радиосу долбоору аркылуу ар бир мектепке радио жабдыктары орнотулат. Окуучулар ди-джейликке бир-биринен үйрөнүп “Достук” мектеп радиосунун ишин улантып турашат.
Долбоордун мөөнөтү: 5 ай (январь-май)
Кастингдин критерийлери:
- Жогорудагы айтылган мектептердин 9-11 класстын окуучулары катышууга укуктуу.
- Улуту, дини, жынысы эске алынбайт.
- Ар бир мектептен ди-джейдин окуусуна 10 окуучу тандалат.
- Ди-джейлердин окуусу 10 күн болот.
- Тандоо "Достукта - биздин күчүбүз" деген темада 1-2 барактан турган дил баян жаздыруу менен жүргүзүлөт.
- Окуучулардын арасынан үнүнүн кооздугуна жараша, дикциясы, интонациясы төп келишкен өспүрүмдөр тандалат.
- Дил баянды текшерүү үчүн мектептен, ата-энелерден түзүлгөн ТАНДОО КОМИТЕТ чечет.
- Тандоо 25-январдан 1-февралга чейин жүргүзүлөт.
- Ди-джейлерди окутуу 2-февралдан башталат.
- Окуу акысыз.
Кененирээк маалымат үчүн +996 551 324479 телефону же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дареги аркылуу кайрылыңыздар.