ишкерлик болжом көнүгүмүн өткөрүү жана ишкерлик болжомдорду иштеп чыгуу боюнча тренер-зертчинин (эксперттин) кызматына

australian aid blue and red

13.04.2020  13:34

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси Австралиянын Москвадагы элчилигинин алдындагы Тике жардам программасынын (Direct Aid Program - DAP) алкагында Австралия Өкмөтү тарабынан колдоого алынган «Кыргызстандын айыл аймактарындагы аялдардын укутарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» (Women Empowerment in Rural Areas of Kyrgyzstan) долбоорунун алкагында ишкерлик болжом көнүгүмүн өткөрүү жана ишкерлик болжомдорду иштеп чыгуу боюнча тренер-зертчинин (эксперттин) кызматына сынак жарыялайт.

Талапкерлер сынак үчүн документтерин This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук почтасы аркылуу каттын темасына “СЫНАККА: Кыргызстандын айылдарындагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген жазуу менен жиберүүсү зарыл. Бардык кызыктырган суроолор үчүн Алтынай Сабырбековага +996 551 324479 телефон номуру аркылуу кайрылыңыздар. Тандалган талапкерлер гана маалымдалып, маектешүүгө чакырылат.

Өтүнмөлөрдү жиберүүнүн акыркы мөөнөтү: 2020-жылдын 27-апрели жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.00дөн кечиктирбестен.

Сынактын талаптарын кенээн камтыган техникалык табыштаманы (ToR) жүктөңүз.