605.09.2020  18:06

Дюшеналиева Нарынкүл Абдыкадыровна Нарын шаарында 1957-жылы 7-январда төрөлгөн. 1975-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Учкун айылына турмушка чыгып, төрт уулду болуп, аларга мыкты тарбия берип, учурда балдардын, неберелердин бактылуу чоң энеси. Ал эми кесиби боюнча өнөр жай товар адиси. 1996-жылдан баштап эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын окууларынан өтүп, көптөгөн күбөлүктөргө жана ийгиликтерге жеткен.

Бул чөйрөдө 2002-жылдан тарта өзүнүн ишмердүүлүгүн айыл депутаттардын кеңешчиси катары баштап, андан соң алдыга койгон максаттары менен Ош облусунун айыл аймактарында аялдарга экономикалык жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында эмгектенген.

“Эрайым”аялдар коомдук бирикмесинде 2007-жылдан баштап уюмдун жергиликтүү координатору болуп иштеп, 2014-жылдан тарта "Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келе жаткан "Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө" долбоорунда Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип, аялдардын дараметин көтөрүү, көйгөйлөрүн чечүүгө жана ар улуттун арасында ынтымак, достук, биримдикти орнотуу үчүн Өз жардам топторун түзө баштаган. Бүгүнкү күндө аталган аймактарда 50 ӨЖТ жана 3 Биримдик топторун уюштуруп алар экономика, экология, социалдык, талам-талашуу, маданият багытында иш алып барышат. Айта кетсек “Бал челек”, “Дыйкан чарбачылык”, “Фермерлик” кичи ишкерликтерин өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошкон.

Мына ушундай үзүрлүү эмгеги бааланып, өлкөнүн айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн “Эрайым”АКБнин Ош облусундагы жергиликтүү тирекчиси Дюшеналиева Нарынкүл Абдыкадыровна ушул жылдын 3-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы мелиорация министири Чодуев Эркинбек Урайымович тарабынан “Айыл чарбасынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Бул саамалыкта КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчуевна жана “Эрайым” АКБнин кызматкерлери катышып, өздөрүнүн жакшы тилектерин айтып куттукташты.

2

3

4

5

7

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу