"Этноансамбль ийриминин жетекчисине" сынак жарыяланат
01.02.2017 21:35
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында
"ЭТНОАНСАМБЛЬ ИЙРИМИНИН ЖЕТЕКЧИСИ"
кызмат ордуна сынак жарыялайт.
- Этноансамбль ийриминин жетекчиси (2 бирдик - Ош жана Жалал-Абад дубандарына 1 орундан)
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Кесиптик билиминин деңгээли:
- жогорку кесиптик билими бар (маданият жана көркөм өнөр тармагында).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- адистиги боюнча иш стажы кеминде 3 жыл, анын ичинде мектеп жашындагы балдар менен иштөөдөгү стажы кеминде 2 жыл.
- бейөкмөт уюмдардын долбоорлорунда кеминде 2 жыл иш тажрыйбасы бар болуусу шарт.
Билими:
- өзүнө тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик, расмий жана өзбек тилдерин билүүсү жана түшүнүүсү;
- компьютерди колдонуучунун деңгээлинде билүүсү (MS Word, Excel, PowerPoint программалары жана Интернет).
Жалпы милдеттер:
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
- ишти натыйжалуу пландоо;
- аналитикалык иш кагаздарды иштөө жана талдоо;
- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
- жоопчотторду аналитикалык таризде жазуу жана тапшыруу.
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- ар улуттун өкүлдөрүнөн турган жана комуз, дойра, ооз комуз, рубаб музыкалык аспаптарын камтыган музыкалык этноансамбль түзүү;
- ийримдин иш программасын ар улуттун ырларын, бийлерин, обондорун камтуу менен түзүү;
- ийримдин концерттик жана окутуу программасын балдардын достугун, ынтымагын, биримдигин чыңдоого багыттоо;
- окутуу программадан тышкары балдарга үйрөнгөн обондордун авторлору жана тарыхы боюнча маалыматтарды берүү;
- жөндөмдүү балдардын өнүгүп кетишине көмөк көрсөтүү;
- ийримдин мүчөлөрүнүн ата-энелери, класс жетекчилери менен тыгыз байланышта болуп, балдардын таалим-тарбиясын позитивдүү жакка буруу үчүн жалпы аракет жасоо;
- мектептеги класс жетекчиси менен этноансамблдин жетекчисинин тыгыз кызматташуусу аркылуу ийримге катышкан балдардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө;
- ийримдин балдарынын укуктарын тебелеп, басмырлабоо жана аларды өз оюн эркин, маданияттуу айтканга багыттоо;
- ийримдин катышуучуларын мектептик, райондук, шаардык, республикалык конкурстук программаларга катыштыруу;
- ар жылда ийримдин жыйынтыктары боюнча ата энелерге отчеттук иш чара уюштуруу;
- ар бир алты айда Программалык Менеджерге аткарган иштери боюнча жоопчотторду тапшыруу;
- иш жараянында бекитилген тартипти, этикалык ченемдерди жана корпоративдик маданиятты сактоо.
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР:
- резюме сүрөтү менен (кыргыз же орус тилдеринде);
- коштомо кат (кыргыз же орус тилдеринде);
- жогорку билими тууралуу документтин көчүрмөсү (диплом);
- паспорттун көчүрмөсү;
- квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.
Сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтерди “ЭТНОАНСАМБЛЬ ИЙРИМИНИН ЖЕТЕКЧИСИНЕ” деген темада Ош дубаны үчүн: 715363, Кара-Суу районунун Шарк айылынын Кош-Таш көчөсүндөгү №16 Абу Али Ибн Сино орто мектебине “Эрайым” уюмунун кеңсесине же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине электрондук таризде, ал эми Жалал-Абад дубаны үчүн: 720800, Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы Ж. Парпиев көчөсүндөгү “Эрайым” уюмунун кеңсесине (ориентир Ж.Бөкөнбаев жатак мектеби) же This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине электрондук таризде 2017-жылдын 10-февраль, саат 17.00гө чейин жиберүү керек.
Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.
Суроолор үчүн сурап билүү телефондору: Ош дубаны үчүн – 0550190003, 0776190030, Жалал-Абад дубаны үчүн - 0777 722773.