112.03.2019  16.53

2019-жылдын 28-февралында Ишкаван айылында Кара-Суу районунда Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районунда түзүлгөн “Курманжан Датка”, “Шарк” жана “Керме-Тоо” Биримдиктеринин тажрыйба алмашуусу болуп өттү.

Биримдике кирген өз жардам топтору шыкактоо жана талам талашуу, кичи ишкерликти жүргүзүү, маданий иш чараларды өткөрүү, экологиялык багыттардагы иш алып баруу, эне мектептерин өнүктүрүү жана иш кагаздарды туура жүргүзүү максатында тажрыйба алмашышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Мады жана Шарк айыл аймактарынын келген “Курманжан Датка”, “Шарк” Биримдиктеринин мүчөлөрүтын “Керме-Тоо” Биримдигине кирген ӨЖТнун кичи ишкерликтерине, иш кагаздарынын жүргүзүлүштөрүнө жана башка ишмердүүктөрүн күбө болушту.

Мындай тажрыйба алмашуу иш чараларынын байма-бай өткөрүлүп туруусу 3 Биримдике кирген ӨЖТнун өнүгүүсүнө, аймакта достуктун, ынтымактын жана биримдиктин чыңдалышына өбөлгө түзөөрүн катышкан мүчөлөр баса белгилешти.

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Эрлан Давлатов, Ош облусу