Азгырыктын арты өкүнүч
12.03.2019 16.19
Ар кандай диний агымдардын, же коомго жат уюмдардын азгырыгына дээрлик өспүрүм балдар дуушар болуп жаткандыгы байкалат. Анткени, алар ишенчээк болушат. Мына ошондой тагдырга туш болгон мектеп окуучусу тууралуу сценканы Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы №5 гимназия мектебинин окуучулары ушул эле мектептин агай-эжейлерине жана окуучуларына тартуулашты.
Бектур аттуу окуучуну айылдык эле дин адамы “көп акча табасың” деген азгырыгы менен аны Сирияга жөнөтүп жиберди. Ооруп жаткан апасын айыктырам деген аруу тилек менен имамдын тилине кирген өспүрүм ал жактан кайтпай калды. Анын тагдыры окуучуларды кейитти. Оорулуу апасы жер муштап, сыздап, боздоп кала берди. Мындай окуялар азыркы турмушта да кездешип жаткандыгы ачуу чындык. Демек, мындай жагдайдын алдын алуу үчүн эң алдын ата-энелер балдарына көзөмөлдү күчөтүүлөрү керектиги, мектепте болсо түшүндүрүү иштери тез-тез жүргүзүлүп, ага коомчулук, күч органдары да катышуусу зарылдыгын айтышып, кызуу талкуу болду.Белгилеп кетсек, бул окуучулар “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө долбоорунун алкагында уюшулган “Форум театр” ийриминин мүчөлөрү. Бул окуучулар буга чейин эрте никеге туруу, мектеп рэкетчилиги, миграция, уурулук боюнча маселени да көтөрүп чыгышып, сценка аркылуу түшүндүрүү иштерин алып барышкан. Иш чарага аталган уюмдун ӨЖТ тирекчиси Кишимжан Боронбаева жана бул уюмдун Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү да катышышты. Сценкада көтөрүлгөн маселенин азыркы кезде орчундуу экендиктерин белгилеп кетишти. Ал эми талкуу учурунда окууучулар акча табуунну оңой жолу эч жерде жок экендигин, бардык жакшы нерселерди таза эмгек. Ак иши аркылуу гана жасаса боло тургандыгын айтып жатышты. Ийрим мүчөлөрү болсо бул “Форум театр” ийрими аларды эл алдына чыгып, ойлорун эркин айтууга, тартынбай, көпчүлүк менен ачык баарлашууга, эркин сүйлөгөнгө жана өздөрүн эркин алып жүрүүгө үйрөтүп жатканын белгилешти. Белгилей кетели аталган мектепте бул ийримге катышкан окуучулардын саны он үч, бирок, алтынчы класстын он окуучусу да үйрөнүп жатышат жана мындан ары алар эстафетаны алышмакчы. Андыктан сценканын соңунда биргеликте флешмоб өткөрүлдү. Мектеп жетекчилиги жана агай-эжейлер мындай иш чаралар тез-тез өтүп туруусун сунушташты.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу