129.12.2018  09.35

“Smile.KG” коомдук фонду тарабынан «Адам укуктарынын жалпы декларациясына 70 жыл» аталышында студент жаштардын жана волонтерлордун арасында жыйын болуп өттү. Иш чарада Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде кабыл алынган Декларациянын адам укуктарын коргоодогу орчундуу орду боюнча адистер кеңири баяндама беришти.

Анда студенттер арасында талкуулар жана суроо-жооптор болуп, адам укутарынын корголушу боюнча көптөгөн маалыматтарды айтып өтүштү. Жыйын соңунда студенттер арасынан ыктыярчылар тобу түзүлдү, алар мындан ары мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен тыгыз иштешерин белгилешти. Бул жыйынды жакындан колдоого алган “Smile.KG” коомдук фонду менен өнөктөш болгон “Эрайым”аялдар коомдук бирикмесинен Исраилов Икрам жана Давлатов Эрлан катышып иш чараны биргеликте уюштурууга өз салымдарын кошушту. Кызуу талкууну жараткан иш чарада адистер студент жаштарды кызыктырган суроолоруна да жооп беришти.

2

2 1

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу