Достукту даңазалаган этнофестиваль
29.12.2018 09.20
2018-жылдын декабрь айында ар улуттун балдарынан куралган этнофестиваль болуп өттү. Иш чара Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоору тарабынан ачылган Этноансамбль ийрими тарабынан уюштурулду.
Бул саамалыкта этноансамбль ийримине катышкан балдар ар кайсы улуттардын музыкалык аспаптарында кол ойнотуп, ыр ырдап өз өнөрлөрүн ӨЖТ мүчөлөрү жана ата-энелерине тартуулашты. Достукту даңазалаган этнофестивалдын максаты ар улуттун ырларын ырдоо менен балдар арасында ынтымак, достук, биримдикти күчөтүү дейт ийрим жетекчиси Гүласал Алиева.
Эрлан Давлатов, Ош облусу