“Ат-Башы” ӨЖТ Биримдигинин ийгиликтери
06.12.2018 20:31
“Ат-Башы” ӨЖТ Биримдиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташуунун алкагында 2015-жылдан бери жыл сайын республикалык деңгээлде “Шырдак” фестивалын уюштуруп жана өткөрүп келишет.
Фестивалдын максаты – кыргыз улутунун шырдактарын даңазалоо, жайылтуу жана сатууну жогорку деңгээлде уюштуруу. Бул фестивалга чет өлкөдөн көптөгөн туристтер келип катышып, жасалган шырдактарды жактырышып ӨЖТ мүчөлөрүнөн жый сайын сатып алышууда. Өз жардам топторунун чет жактан чоң көлөмдөгү буюртмаларды алып, убагында аткарып жаткандыктарын дагы алардын чоң ийгиликтеринин бири катары эсептесек болот.
Биримдиктин мүчөлөрү райондун маданий иштерине жигердүү катышышып “Нооруз” жана “Эгемендүүлүк” майрамдарында өткөрүү менен бирге айылдарды кыдырып өз өнөрлөрүн көрсөтүп жашоочуларга концерт тартулашты.
Мындан тышкары ӨЖТнун мүчөлөрү республикалык “Шайыр апалар” телеконкурсуна катышып жеңишке ээ болушуп 2017-жылы Талас шаарында өткөрүлгөн гала концертке жолдомо алышкан. 2018-жылы июнь айында Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн түрк тилдүү элдердин сынак-фестивалына катышып 1-орунду алышып Түркияга жолдомо утуп алышты. Алар үстүбүздөгү жылдын 31-августунан 8-сентябрына чейин Түркиянын Кютахия шаарында концерт берип кайтышты.
2018-жылдын 18-ноябрында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында “Экран жылдыздары – энелер менен” аталышындагы чоң концертти Бишкек шаарынын тургундарына тартуулашты.
Эльмира Сепишова
Нарын дубаны боюнча ӨЖТ тиркечиси