106.12.2018  20:13

“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун “ӨЖТ мүчөлөрүнүн дареметин көтөрүү” компонентинин алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарындагы ӨЖТ мүчөлөрүнө техникалык көнүгүмдөр 2018-жылдын 15-25-ноябрлар аралыгында өткөрүлдү.

“Консервацияны туура жасоо” көнүгүмү 2018-жылдын 15-17-ноябрлар аралыгында өткөрүлдү. Аталган көнүгүмдүн алкагында ӨЖТ мүчөлөрү үй шартында жашылча жемиштерди консервациялоонун туура ыкмаларын өздөштүрө алышты. Аны менен бирге алар сапаттуу жашылчаларды пайдаланууну, санитардык талаптарды так аткарып, жашылча жемиштердин бузулуусуна жол бербөө менен ар кандай уулануулардан сактануунун жолдорун үйрөнүштү.

23-24-ноябрь күндөрү “Жашылча-жемиштердин уругун алуу жана өстүрүү” техникалык көнүгүмү уюштурулду. Бул окуу көнүгүмдүн алкагында катышуучулар жашылчалардын үрөөндөрү, сорттору жана гибридтери жөнүндө кенээн маалымат алышып, мындан ары үй шартында сорттук үрөөндөрдү даярдоо боюнча тажрыйбага ээ болушту.

25-ноябрь күнү “Таштандыларды сорттоо жана анын кээ бир бөлүгүн кайра иштетүү” көнүгүмү менен уланды. Бул көнүгүмдө катышуучулар үй шартында органикалык таштандылардан компос жана биогумус жер семирткчитерин жасоо ыкмаларын үйрөнүштү.

Аталган окуу көнүгүмдөрдү агроном, айыл чарбасынын бак, күнөскана жана органика багыттары боюнча кеңешчи, дассыккан машыкчы Тойчубай Маматов өттү. Эскерте кетсек, долбоордун жогоруда аталган аймактарында ушул жылдын 26-28-октябрларында “Күнөскана чарбасы” аталышындагы 15 сааттык техникалык көнүгүм ӨЖТ мүчөлөрүнө өткөрүлгөн эле.  

2

2 1

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош дубаны