105.12.2018  16:53

Дасторкон берекеге толгон күз мезгилинде бардык жерде “Алтын күз” майрамы белгиленет. Мында негизинен мындай иш чара окуу жайлар менен мектептерди, балдар мекемелерин кучагына алат.

Ушундай саамалыктан четте калбай “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунун Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында иштеп жаткан Эне мектептери да “Алтын күз” майрмын өткөрүп жатышат. Долбоордун Эне мектептери боюнча тирекчиси Дилфуза Назаралиеванын айтымында бул аймактардагы туруктуу иштеп жаткан эне мектептеринин дээрлик бардыгында мына ушундай майрам өттү. Ал эми бул сүрөттөгү наристелер “Раяна” эне мектебинин тарбиялануучулары. Бул жай Акман айыл аймагына караштуу Колот айылында жайгашкан. Мында 184 бала тарбияланып жатат.

- Жогорку тайпадагылар тарбиячылардын жардамында өз колдору менен күз берекесинен ар кандай көрүнүштөрдү жасашкан. Мунун бардыгы алардын фантазиялары. Жашылча жемиштер кайда жана кантип өсөт, айланадагы жашыл ааламдын күз мезгилиндеги түсү, адам баласы азыктанган күз берекелери боюнча балдар билгендерин айтышып, анан аны шаңдуу ыр-бийлер менен улантышты. Мындай саамалык ар жылы белгиленип келет. Бул жолкусу мурдагылардан кыйла айырмаланып турду. Себеби, балдары үчүн ата-энелер да бар мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, аларга жардамга келишти. Биз дайыма кандай гана иштер болбосун ата-энелер менен биргеликте иш алып барабыз-дейт, аталган Эне мектептин жетекчиси Анара Ысакова.

5

4

2

3

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу