216.11.2018  17:38

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин башкы офисиндеги өкүлдөр атайын келишип, аталган уюмдун аракети менен ишке ашып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында иштеп жаткан долбоорго кирген аймактардагы Өз жардам топторунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Мында адегенде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында уюшулуп, иштеп жаткан топтордо болушту. Белгилей кетели долбоордун талабынын негизинде ӨЖТлардын Биримдиги уюшулган жана ар алты ӨЖТдан бирден Биримдик түзүлгөн. Биримдикке баргандан кийинки кадамдар кандай башталды жана топтор эмне жумуш менен алектенип жатышат, кагаз иштеринин абалы кандай? деген суроо коюшуп, өкүлдөр ар бир Биримдиктин жетекчилери менен кызуу маек куруп, практикалык жардамдардын көрсөтүштү. Мында “Эрайым” АКБсынын жетекчиси Рахила Жусупова, уюмдун ӨЖТ боюнча эксперти Абдылас Кошумбаевдер Биримдиктин назариатын кеңири талкууга коюшту. Ар бир жоолугушуу кызыктуу маанайда өтүп, ага келген Биримдиктин жетекчилери буга чейин билбегендерин, же терең түшүнө албаган маселелерди ортого салышып, пайдалуу жана керектүү жоопторду алышты.

- Мындай жолугушууну уюштуруп туруу чоң пайдасын берет - деп, белгиледи эксперт А. Кошумбаев – Анткени, биз Биримдиктерди түзүүдө адегенде Жоболорун иштеп чыгып, аны талкуулаганбыз. Биримдикке бара турган ӨЖТлар тандалган. Алардын милдеттери белгиленген. Анын бардыгы теория жүзүндө жүрүп, эми практикалык ишке келгенде албетте, бир аз маселе келип чыгат. Анткени, ар бир Биримдик өз жер шартына, жайгашкан аймагына, жашоочулардын жагдайына жана муктаждыгына, алардын жашоосунда кездешип жаткан маселенин айланасында өз багыттарын, программаларын жана максаттарын коюш керек. Бир Биримдиктин иш аракети экинчисине окшошпойт. Андыктан маселени изилдеп чыккан кезде ар бирине өз алдынчалуулукту, эркиндикти эске алауу зарыл. Мына ушул жагын биз жолугушууда кеңири түшүндүрдүк, багыт бердик – деп, кошумчалайт Абдылас мырза.

- Негизи иш жакшы бараткандыгы байкалат. Антсе да, кагаз ишине келгенде, жасалып жаткан жумуштарды кагазга түшүрүүдө мүчүлүштүктөр бар. Себеби, айрымдар көп жумуш аткарышкандыгы байкалат. Алар оозеки бизге көп иштери тууралуу айтып беришти. Максаттарын белгилешти. Бирок, анын бардыгын кагазга түшүрүүгө келгенде, бул жагын эске алышкан эмес. Демек, ар бир жасалып жаткан жумуш кагазга түшүрүлүүсү керектигин белгиледик. Ар бир кездешүү кызыктуу маанайда жүрдү – деп, белгилейт “Эрайым” АКБсынын жетекчиси Р.Жусупова. Мындай жолугушуулар Ош облусундагы долборго кирген аймактардагы Биримдиктердин тобунда да жүрдү.

2

3

4

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу