108.11.2018  18:52

Шарк айыл аймагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн “Шарк” Биримдигиндеги “Ак ниет”, “Акжол”, “Навбахор” ӨЖТ мүчөлөрү айыл аймак жетекчилиги жана шаардык жол башкармалыгы менен өнөктөш болуп С. Шарипов, Кош-Таш, А.Парпиев чоң көчөлөрүнө шагыл төктүрүлдү, заманбап техникалар менен сапаттуу асфальтталды жана жөө адамдар басып өтүүчү жол сызыгы, белгилери коюлду.

Бул иш-чара 2017-жылы айыл аймак иш болжомуна ӨЖТлар тарабынан сунушталып, шаардык жол башкармалыгына жол белгилерин коюу суранычы менен кат аркылуу кайрылышкан.

Айыл аксакалы Хайрулла Юлдашевдин айтуусу боюнча: “Жашоочулардын кубанычына чек жок, жол белгиси бар, асфальтталган көчө менен жүрүү кандай жагымдуу жана көчө кырсыктарынын алдын алат” - деп, аталган көчөдөгү жашоочулардын атынан биргелешкен иш-чарага өздөрү да катышып айыл аймак жетекчилигине, жол башкармасына, “Шарк” Биримдигине ыраазычылыктарын айтып өттү.  

1 1

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош дубаны