108.11.2018  18:17

“Эрайым” Аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун “Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн жана ӨЖТ Биримдигинин дараметин көтөрүү” компонентин ишке ашыруу үчүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында уюшулган топторго 26-27-28-октябрь күндөрү “Күнөскана чарбасы” аталышындагы 15 саатык окуу көнүгүм өтүлдү. Окуу көнүгүм агроном, айыл чарба (бак жана күнөскана, органика) боюнча кеңешчи, дассыккан машыкчы Тойчубай Маматов тарабынан өткөрүлдү.

Үч күн ичинде окуу көнүгүмгө катышкан мүчөлөр тажрыйбалуу машыкчыдан күнөскана куруу бюджетин түзүүнү жана үй шартында курулган күнөсканада жашылчаларды өстүрүү, пайда табуу жолдорун агро техникасын өздөштүрө алышты. Бул көнүгүмдүн уюштуруунун максаты ӨЖТ Биримдиктери жана мүчөлөрү өздөрү жашаган айылында, үйлөрүндө күнөскана куруу менен киреше табуу болуп саналат.  

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош дубаны