008.11.2018  17:45

1-ноябрь Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл амактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору тарабынан ачылып иштеп жаткан 15 энелер мектептерине Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун каржылоосу менен бирден кондитердик ашкана меши жана муздаткыч жалпы 15 муздаткыч жана 15 кондитердик ашкана мештери берилди. Айыл жерлеринде бала бакча ордун баскан бул Энелер мектебине жабдыктарды «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесини тапшырды.

Тиричилик техникаларынын келиши менен энелер мектебинде балдардын сапаттуу тамактанышына мындан ары шарт түзүлөт. Энелер мектептери Кыргызстанда 2014-жылы ачыла баштаган. Ош облусунда мындай 25 мекеме бар. Азыр аларда 800дөй бала камкордукка алынып тарбияланууда.

Бул белекке ата-энелердин кубанычында чек жок! Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак, Мады, Шарк айыл аймагынын жамааты,”Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси уюштурган өз жардам топтору, эне мектептеринин кызматкерлери бул жардамга абдан кубанууда. Ошондуктан аталган айыл аймактарынын жетекчилери жана жашоочуулары Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.  

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Эрлан Давлатов, Ош дубаны