Эне мектептеринин муктаждыктары чечилди
03.11.2018 11.47
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен Кыргызстандын аймагында, анын ичинде Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарында ишке ашып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Эне мектептери уюмдун атынан дагы бир баалуу белекке ээ болушту.
Мамлекетибиздеги чечилип да, чечилбей да келе жаткан көйгөйлөрдүн бири элет жеринде Балдар бакчаларынын жетишсиздиги. Анысы аз келгенсип, ата-энелери жумушсуздуктун айынан Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөргө кетишип, балдары чон ата, чоң энелеринин колунда калышты. Аларга жакшы тарбия берүү мындай турсун, тамак ашы, кийим кечеси каралбай калгандыгы азыркынын ачуу чындыгы. Мына ошол маселени чечүүгө салым кошуу максатында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ушул долбоорду тартып келген.
- Төрт жылдан бери ишке ашып келе жаткан долбоордун биринчи фазасынын бир багытында долбоорго кирген Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактырда жыйырма, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон аймактарында жыйырма эне мектебин ачуу каралган. Бул этапта долбоордун адистери тиешелу айылдарда иликтөө жумуштарын аткарышып, айылагы кыз-келиндерди шыкактоо көнүгүмдөрү өтүлдү. Ошол эле мезгилде эл менен жолугушууларды уюштуруп, элдин мүдөө талаптары угулду. Жергиликтүү тургундар айылдагы башкы маселе катары Балдар бакчаларынын жоктугу, жаш балдар кароосуз калып жатышкандыгын белгилешти. Ал эми дүйнөлүк практикада мектепке чейинки балдарды кароодо эне мектептеринин орду чоң. Мына ошол жагын эске алып биздин долбоордун алкагында эне мектептерин ишке киргизүүнү сунуштадык. Биздин сунуштар элге жагып, колдоп жатышты. Адегенде кайсыл аймактарга, айылдарга ачуу керектигин тактадык, адистерди тандадык, ал жайлардын жетекчилери жана тарбиячылардын билимин жогорулатуу максатында ар бирине 72 сааттык окутуу-көнүгүмдөрү өтүлдү. Ал эми базасын чыңдоо багытында “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондусу менен өнөктөш болуп, ар бир эне мектебин окуу куралдар жана оюнчуктар менен камсыздалган. Бизди каржылык жактан колдоп турган Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун жетекчилиги менен макулдашып, эми иштеп жаткан эне мектептерине муздаткыч жана электрогаз меши берилип жатат.-деп, белгиледи “Эрайым” АКБсынын жетекчиси Рахила Жусупова, Базар-Коргон районундагы эне мектептеринин өкүлдөрү катышып жаткан жыйынды ачып жатып. Белектерди тапшыруу жыйынына Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Замира Адышева да күбө болуп, аталган уюмдун райондун аймагына тартып келген долбоорлору, элет элине жасаган эмгеги, калктын социалдык,экономикалык жашоосунун жакшырышына кошуп жаткан мээнети чон экендигин белгиледи. Ал эми азыр тапшырылып жаткан белектер Базар-Коргон районунун 100 жылдыгына тартуулаган баа жеткис белеги экендигин айтып, бул уюмга ыраазычылыгын билдирди. Мындан сырткары эне мектептердин ар бир жетекчиси сөз алып, ыразычылыктарын айтышты. Себеби, ар биринде муздаткыч болгону менен эскилиги жетип калган. Ал эми балдарга ысык тамак бышырууда да маселе жаралып келген. Айрымдары тамакты сыртта, очокко жасап келишкен. Жаан-чачын болгондо, же кышкы суукта сыртка тамак бышырууда аларда чоң көйгөй жаралып келген. Мына ушул маселени оң жагына чечип, аларды кубанычка бөлөп жаткан “Эрайым” уюмуна чексиз ыраазычылыгын айтып бүтө алышпады.
Белгилей кетели долбоордун алкагында эки айыл аймакта жыйырма эне мектеби иштеп жатса, алардын бешөө бюджетке кирген, бир менчик, калгандары сезон ичинде иштей тургандар. Жалпы бул жайга миңге жакын бала тартылган. Бирок, бул ирет келген белектерге он эки эне мектеби ээ болду. Себеби, аталган уюмдан атайын өкүлдөр келишип, баалоо, бейлөө жүргүзүшкөн. Ошондой эле атайын критерийлердин талабы болгон. Ошол талапка жооп бергендерине гана тапшырылды. Жакынкы арада кайрадан дагы бейлөө жүргүзүлүп, талапка жооп берген үч эне мектебине тапшырылат. Жалпы эки облустагы эне мектептери үчүн жалпы отуз даана муздаткыч, отуз даана электрогаз меши келген. Ош облусундагы эне мектептерине он беш даана тапшырылды.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу