БӨЖТлар үчүн кызыктуу жана пайдалуу көнүгүмдөр
17.09.2018 17:53
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келе жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемедөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов орто, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектептеринде жана Жалал-Абад шаарындагы №7 Алым Усман атындагы орто мектебинде уюшулган Балдардын өз жардам топторуна долбоордун тренери Жанара Рыскулова калыптуу көнүгүмдөрдү өткөрүүнү улантып жатат.
Балдар мында шыкактоо жана талам талашуу багытында көп нерсени үйрөнүшүүдө. Балдардын активдүүлүгүн көтөрүү багытындагы мындай көнүгүмдөрдү уюштурууга долбоордун БӨЖТ тирекчиси Максат Пирматов жакындан жардам берүүдө.
- Өткөн окуу жылында мындай көнүгүмдөр дээрлик бардык БӨЖТларда өткөн. Анда негизинен балдар үй-бүлөлүк багыттагы маселенин айланасында социалдык маселелер боюнча маалымат алышкан. Азыркы көнүгүмдөр Социалдык өнөктөштүк жана талам талашуу, шыкактоо багытын көздөп, балдар мектепте сабак окуу менен гана чектелбей, мектептеги коомдук иштерге катышуу, мугалимдерге ойлорун ачык айтуу, жаңы сунуштарды киргизүүдө пайдалуу маалыматтарды алып жатышат. Мында БӨЖТ тирекчиси Максат Пирматовдун кол кабышы жакшы болуп жатат, себеби, биргеликте кызыктуу уюштурууга аракет жасоодобуз. Көнүгүмдөр негизинен кызыктуу оюндар менен коштолуп жатат. Кайырма айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин Достук, Тынчтык жана Кеңеш БӨЖТларынын мүчөлөрү мындай сабактардын эң активдүү катышуучулары болуп калышты. Көнүгүдөр ноябрь айына чейин улантылып, долбоордун алкагыцнда түзүлгөн бардык БӨЖТларды камтыйт - деп, билдирди тренер Жанара Рыскулова.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад дубаны