217.09.2018  17:42

2018-жылдын, 10-сентябрь күнү КРнын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева Ош мамлекеттик университетине иш-сапары менен келди.

Анда ОшМУнун ардактуу профессору катары окуу жайдын профессордук курамы жана студенттери ошондой эле “Эрайым”аялдар коомдук бирикмесинин Ош жана Жалал-Абад облустарында иштеген кызматкерлери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал билим берүү тармагында акыркы маалыматтар, илим, техника жана инновация жаатындагы жаңылыктар, дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөр тууралуу кызыктуу лекцияны окуду. Ошону менен катышуучулар тарабынан берилген көптөгөн суроолорго жооп берди. Роза Отунбаева Ош, Жалал-Абад облустарында “Эрайым”АКБсы тарабынан ачылып иштеп жаткан Энелер мектептеринин бүгүн күндөгү көйгөйлөрүн, муктаждыктарын айтып өттү жана башка уюмдарды, окуу жайдагы активистерди, жаштарды чогуу иш алып барууга, көмөктөшүүгө чакырды. Эң негизгиси балдар тарбиясына өзгөчө көңүл бурулсун деген ойлорун белгиледи.

Ал эми күндүн экинчи жарымында болсо “Эрайым”АКБнын Ош жана Жалал-Абад дубандарынан келген кызматкерлери ОшМУнун алдында уюшулган “Enactus” уюмунун жаш активистери менен жолугушуп, анда жаңы долбоорлорду жазуу жана бирге иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

1

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош дубаны