Курман Айтка май токоч
17.09.2018 17:32
“Курман айтка май токоч” деген аталыш менен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сина атындагы орто мектебинде “Эрайым” аялдар коомдук биркимеси тарабынан уюшулган “Ынтымак”, “Гүлбахар”, “Радуга” өз жардам топтору ар жыл сайын салтка айлаган күндү белгилешти. Ага Германиядан келген ASA программасынын ыктыярчысы Мари Робински катышты.
Иш чаранын негизги максаты айылда көп балалуу, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана сырткы мигрант болуп жүргөн ата-энелердин балдарына май токоч таратуу, ошондой эле алардын жашоо абалынан кабар алуу экенин ӨЖТ мүчөлөрү белгилешти. Аталган иш чара Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында уюштурулганын ӨЖТ тирекчиси Дюшеналиева Нарынкүл айтып өттү.
Бул иш чараны уюштурууга ӨЖТ мүчөлөрү өздөрү каражат чогултушуп, өз салымдарын кошушту. Иш-чарага катышкан кыз-келиндер менен май токоч жасашып, “Кыргызстанда тынчтык болсун, элибиз биримдикте, ынтымакта, бактылуу жашасын, дайыма бирге бололу” деген аруу тилек менен кошуна-колоңду чакырышты. Ал эми иш чаранын соңунда ыктыярчы Мари Робинскиге ӨЖТ мүчөлөрү белек катары кыргыздын улуттук баш кийими аталган ак элечек кийгизишти.
Эрлан Давлатов, Ош дубаны