511.09.2018  19:15

Пусурова Алмакан Базар-Коргон районундагы Кайырма айылында жашайт. Бул айылдагылар негизинен дыйканчылык менен тиричилик өткөрүшөт. Ал эми Алмакан айым “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келе жаткан “Салттуу жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган “Байчечекей” Өз жардам тобуна кошулганы мурда жасап келген дыйканчылыгынын багытын өзгөрттү. 

Буга анын аталган долбоор боюнча өткөрүлгөн шыкактоо көнүгүмдөрү чоң таасир этип, экономикалык багытта өз каражатын көбөйтүү жана жашоосун жакшыртуунун жолун издей баштады. Короосунда мурда жашылча-жемиштерди, дарбыз-коон өстүрүп келсе, эми кулпунай эге баштады. Муну топтогу кыз-келиндер да колдоп жатышты. Ал топтон беш миң сом насыя алып, ага кулпунайдын уругун сатып алды, короосундагы он төрт сотых жерди айдап, анан мурда эгип көрбөгөн өсүмдүктү эгип, аны асырай баштады. Кулпунай негизинен көп деле мээнетти талап кылбаганы менен, убактысы келип, бышып жетилгенде аны тез-тез үзүп алып туруш керек.

- Кулпунайдын өзгөчөлүгү анын кардарлары көп болот экен. Мындан кышкыга карата шириндиктерди даярдоо үчүн айылдагылар эле кайрылып, короодон эле сатып алып жатышты. Анан базарга алып чыгып,килосун 80 сомдон саттым. Биринчи эле үзүмүнөн отуз миң сом накта киреше алдым. Дагы тергенге даяр болуп калды. Бул өсүмдүк кар жааганга чейин быша берет тура. Ошондуктан кийинки тергенден да ошончо эле киреше алам го деген ишенич бар-дейт, Алмакан айым. Ал эми долбоордун ӨЖТ тирекчиси Кишимжан Боронбаеванын айтымында “бардык ӨЖТларга өтүлгөн шыкактоо, талам талашуу, калыптуу жана калыпсыз көнүгүмдөрдүн таасири чон болуп жатат. Мындай көнүгүмдөн сабак алгандар чарбачылыктарын кеңейтүү, киреше табуунун жолун издөө, ички экономикасын жакшыртуу, ишкерликти колго алуу сыяктуу иштерди баштап жатышат. Бул багытта тренер Венера Бабединова ар бир ӨЖТлар менен жакшы иш алып барды. Кимиси менен маектешсең да “бизге мурда эч ким ушундай сабак өтпөптүр, кыйла көзүбүз ачылып, билимибиз артып баратат. Буюрса айылга мындай ишкерлик кылалы, тигиндей иш жасайлы” дегендей, жакшы ой максаттарын ортого салып жатышат. Айрыкча ӨЖТлардын Биримдиги уюшулганы биздин кыз-келиндердин активдүүлүгү артып баратат. Жакшы жашоонун жолун издешүүдө - дейт, ал.

2

3

1

7

6

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу