130.06.2018  11:10

Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын, биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизги өзөгүн Өз жардам топтору түзөт.

Андыктан бул топтун иши максаттуу жүрсө, долбоордун келечеги бар жана ал андан ары калк арасында колдоого ээ боло алат. Бул долбоордун негизги эле максаты элет калкынын билимин көтөрүү, активдүүлүгүн арттыруу, көйгөйлүү маселени чече билүүнүн жолун издөө, аракет жасоо, элдин биримдиги жана ынтымагы. Ар кандай кыйынчылыкты калктын достугу менен ынтымагы жеңе алаарын даңазалоо. Долбоор боюнча Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында отуз Өз Жардам тобу уюшулган. Аларга жалпысынын 300гө чукул мүчө тартылган. Алардын жаш өзгөчөлүктөрү 18 ден жетимишке чейинкилер болгону менен, максаттары бир. Айыл жергесин өнүктүрүү, жашоону жакшыртуунун жолун издөө. Анын үстүнө Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан быйылкы “2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыяланбадыбы. Демек, бул жерде максаттар дал келип, ойлор шайкеш болуп турат. Башкы максат Кыргыз мамлекетин өнүктүрүүгө салым кошуу. Мында саны эмес, сапатына көңүл буруу зарылдыгы белгиленген. Андыктан ар бир ӨЖТ уюшулуп алып, анан ар кандай себептерден улам таркап кетүүсүнө жол берилбейт. Топтордун өзөгүн айыл жергесиндеги кыз-келиндер, байбичелер түзсө, көпчүлүгү үй-кызматында олтургандар. Кесиптик багытта да биргелешип, иш алып барган топтор бар. Долбоордун ӨЖТ боюнча тирекчиси Кишимжан Боронбаеванын билдирүүсүнө караганда эки айыл аймагында иштеп жаткан отуз ӨЖТ нын арасынан он сегизин тандап алып, ар бир алты ӨЖТ тобунан бирден Биримдик түзүү жагы каралды. Ал эми Биримдикти уюштуруунун өзүнчө жол-жобосу болот. Өзүнчө Жобосу иштелип чыгылат. Бардык ӨЖТ ларга ушул жылдын башынан тартып Биримдиктин Жобосу талкууга коюлган. Мында алар Жобого карата сунуштарын, кошумчаларын айтышат, сунушташат. Ар бири өзүнүн шартына, жайгашкан аймагына, багыттарына карап жаңы Жобо иштеп чыкса да болот. Айтор, бул тууралуу ар бири жетиштүү маалымат алышкан. Долбоордун тренери Винера Бабединова ар бир топко барып, тренинг өткөн. Мына ошондон кийин Биримдикке бара турган топтор тандалган. Ал эми ал иш-чарага “Эрайым” АКБ сынын жетекчиси Рахила Жусупова баш болгон өкүлдөр, адистер күбө болушту.

Иш-чаранын биринчи күнү, тактап айтканда, 20-июнь күнкү жыйын Базар-Коргон айыл аймагындагы тандалган алты ӨЖТлардын Биримдигин түзүүгө арналды. Ал жыйын аталган айыл аймактын кеңсесиндеги жыйындар залында өттү. Биримдикке бара турган “Насаатчы”, “Береке”, “Периште”, “Мээрим”, “Жаштар” жана “Үмүт” ӨЖТ ларынын жетекчилери өз топтору тууралуу маалымат менен чыгышты. Буга чейинки жасап жаткан иш аракеттерин слайд түрүндө айтып беришти. Ошол эле мезгилде алдыга койгон ой максаттарын да белгилеп өтүштү. Аталган ӨЖТ лар негизинен өздүк фонддорун көбөйтүп, аны ички керектөөлөрүнө жумшап, ар кандай маселени чече башташкан. Ар бири беш багыт боюнча иш алып барышат. Башкысы экономикалык багыт. Мында жашоону жакшыртуу үчүн өздүк фонд түзүшкөн, кирүү фондун ачышкан. Ай сайын взностор өз убагында төлөнүп турулат. Кыска аралыкта жүз миңден үч жүз миң сомго чейин каражат жыйнагандар болгон. Алар “эми биз кредит дегенди унуттук. Эгер акча керек болсо, ортолук акчадан алабыз да, белгиленген убагында кайтарып берип жатабыз. Бул абдан ыңгайлуу экен.” - деп, белгилеп жатышты. Андан кийинки багыт социалдык, мында алар жашоо денгээлдерин жакшыртуунун жолун издешет. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте жол маселесин, көчөлөрдү иретке келтирүү, Балдар бакчаларын, башка жайларды куруу маселесин көтөрүп чыгышат, сунушташат. Экологиялык багытта болсо айлана чөйрөнү коргоо, тазалыкты сактоо, жашылдандыруу - көрктөндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Маданий багытта ар кандай маданий иш чараларды уюштурушат, өздүк көркөм чыгармачыл топторун түзүшөт. Мына ушул багыттагы иштери тууралуу кеңири баяндама беришти. Андан соң иш чарада Биримдикке өз катарларынан экиден адамды сунушташып, алар жыйынга катышкандарга колго салынып, бир добуштан шайланышты. Ошентип Базар-Коргон айыл аймагынын Базар-Коргон айылындагы алты ӨЖТ нын эсебинен “Ак тилек” ӨЖТ Биримдиги түзүлдү. Мында анын жетекчиси болуп “Периште” ӨЖТсынын мүчөсү Сатыбалдиева Магрипа, катчылыкка “Насаатчы” ӨЖТсынан Дүйшөнкулова Жамал, эсепчиси “Береке” ӨЖТсынан Молоева Гүлжандар шайланышты. Жалпы бул Биримдикке 61 адам мүчө болуп киришти. Алар жалпы колго салуу менен кирүү акысын 200 сом, айлык төлөмдү 500 сом деп чечишти. Жыйындын жүрүшүндө ар бир ӨЖТнын өнөрлүү мүчөлөрүнүн катышуусунда кыскача концерттик программа тартууланды. Соңунда “Эрайым” АКБсынын жетекчиси Рахила Жусупова, уюмдун эксперттери Абдылас Кошумбаев жана Эльмира Сепишовалар куттуктоо сөздөрүн айтышты

Эртеси, тактап айтканда 21-июнь күнү, ушул эле райондогу Акман айыл аймагынын Кайырма айылында иштеп жаткан жети ӨЖТ тарабынан бир Биримдик түзүү жыйыны өттү. Ал иш чара деле мурунку күндөгү тартип менен жүрдү. Адегенде мурунку күндөгүдөй эле “Эрайым” АКБ сынын областтагы координатору, долбоордун областтагы тирекчиси Кишимжан Боронбаева жалпы областта уюшулган ӨЖТлар боюнча маалымат берди, алардын жасап жаткан ишине токтолду. Ошону менен бирге Биримдик түзүүдөгү максаттар боюнча айтты. Андан кийин “Эрайым” АКБсынын жетекчиси Рахила Жусупова жалпы бул уюм жасап жаткан иш аракеттер, долбоорлор боюнча маалымат берип, анан ӨЖТнын орду, максаты, багыттары тууралуу айтып берди. Ал эми уюмдун эксперти Абдылас Кошумбаев болсо Чүй жергесиндеги ӨЖТлардын иши, ийгиликтери боюнча айтса, Элмира Сепишова болсо Нарын жергесиндеги ӨЖТлардын жасаган иш аракеттерине токтолушуп, ийгиликтерин баса белгилеп кетти. Ал эми бул жыйында Биримдикке баруу үчүн тандалып алынган топтор “Кесиптеш”, “Оомат”, “Ак тилек”, “Тынчтык”, “Байчечекей”, “Бай бол” жана “Айзат” ӨЖТ лары болуучу. Ар бир топтун жетекчилери өздөрүнүн иш аракети менен тааныштырып кеткен соң, эреже боюнча Биримдик уюштуруу бөлүгү улантылды. Ар бир топтон экиден өкүл колго салынып, шайланышты. Биримдиктин Жобосу бекитилди, түптөлдү. Андан кийин Биримдиктин Ордосу жаңы мүчөлөрдүн макулдугу менен шайланды, жалпы колго салынды. Алар, Биримдиктин жетекчиси болуп “Кесиптеш” ӨЖТсынан Жолдошева Зулайка, катчылыгына “Ооматтан” Сандыбаева Айниса, эсепчилигине “Тынчтыктан” Тажибаева Айжаңыл шайланышты. Ошентип бул айылдагы жети ӨЖТ дан куралган “Акыйкат” ӨЖТ Биримдиги түзүлдү. Жалпы 73 мүчөсү бар “Акыйкат” ӨЖТ Биримдиги түптөлүп, алардын кирүү акысы 200 сом, айлык төлөм (взнос) 300 сом деп чечилди. Ушул эле күнү түштөн Акман айыл аймагына караштуу Жареке айылында уюшулган беш ӨЖТ дан бир Биримдик түзүү жыйыны өттү. Бул жерде да иш чара өз эрежеси менен, мурдагы жыйындын тартиби менен жүрдү. Бул Биримдик “Асылзат” деп аталып, ага ар бир ӨЖТдан экиден мүчө сунушталды, ал эми ордосуна, жетекчилигине “Максат” тобунан Адилова Асилбү, катчылыгына “Келечек” ӨЖТсынан Пиназарова Алтынкүл, эсепчисине “Жакшылыктан” Кутманова Назгүл шайланды. Бул Биримдиктин кирүү акысы 200 сом, айлык төлөм дагы 200 сом деп чечилди. Жалпы 51 мүчө кирди. Ал эми үч Биримдик ӨЖТсына жалпы 185 мүчө кирди. Иш чарага катышып олтурган “Эрайым” АКБ сынын жетекчиси Рахила Жусупова жаңыдан кадамын баштап жаткан ӨЖТ Биримдиктерине ак жол, байсалдуу сапар тиледи. Ошону менен бирге Биримдиктин келечеги, алдыга койгон максаттарына токтолду. Иш чаранын өтүшүнө карата ойлорун билдирди. Ошондой эле уюмдун эксперти Абдылас Кошумбаев, медиа адис Маматказы Капаровдор да өз пикирлерин билдиришти.

1 0

1 1

1 2

1 4

1 5

1 6

1 7

1 8

2 1

2 2

2 4

3 4

3 1

3 2

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу