118.06.2018   09.31

2018-жылдын 8-9-июндарында Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун ишмердүүлүгүнө кызыкдар тараптардан түзүлгөн биргелешкен бейлөө жана баалоо жүргүзүлдү.

Биргелешкен бейлөө жана баалоонун максаты: Долбоордун иш-аракетине, коомго алып келип жаткан пайдалуулугуна жалпы баа берүү, кызыкдар тараптардын ой-пикирлери, сунуштары аркылуу долбоордун максатына жетүүгө көмөк көрсөтүү.

Биргелешкен бейлөө жана баалоо тобуна (БББТ) долбоорго өнөктөш болгон айыл өкмөт, мектеп, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана максаттуу топтордон киришти.

Бейлөө жана баалоонун биринчи баскычында 5 мүчөдөн турган Биргелешкен бейлөө жана баалоо тобуна долбоор тууралуу кызматкерлер тарабынан толук маалымат берилди. Андан соң долбоордун төмөндөгү төрт компоненти боюнча максаттуу топтор жана кызыкдар тараптар менен маектешүүлөр орун алды:

  1. Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн дараметин көтөрүү;
  2. Өз жардам топторунун Биримдигин түзүү;
  3. Долбоор ишке ашкан аймакта жашаган калкка психологиялык жардам көрсөтүү; 
  4. Балдар менен иштөө (эне мектептери, ийримдер).

Бейлөө жана баалоо жараянынын жүрүшүндө долбоор боюнча көрсөтүлгөн укуктук жардамга, машыкчылардын көнүгүм өтүү чеберчилигине дагы бейлөө жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында баалоочу топ тарабынан долбоордун ишмердүүлүгүндө болгон жетишкендиктер, кемчиликтер жана кыйынчылыктар байкалып, мындан ары долбоорду ийгиликтүү аткырылышы үчүн өздөрүнүн сунуштарын киргизди. Жалпысынан долбоор кээ бир кыйынчылыктарга карабастан жогорку деңгээлде аткарылып жаткандыгын баса белгилешти.

2

3

4

5

7

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу