114.06.2018  17:32

2018-жылдын май, июнь айларында “Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №86-Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептептеринде “Ийримдердин ийгилиги” аталышында иш-чара болуп өттү.

Бул иш чара “Эрайым” АКБсы тарабынан уюшулган орус тил, этноансамбль жана форум-театр ийримдеринин мүчөлөрү тарабынан уюштурулду. Анда форум-театр ийриминин мүчөлөрү “Кумар оюндарына жолобоо”, “Ата-эне баласын өзү каалаган окуусуна окутпаса жыйынтыгы эмне болот”, “Мектептеги жаштар арасындагы зордук-зомбулук” деп аталган үч тема боюнча сахналаштырылган пьесаны мектеп мугалимдерине, окуучуларына жана ата-энелерине тартуулап, көрүүчүлөр арасында тема талкууга алынып өз ойлорун сахнага чыгып аткарып беришти. Ал эми орус тил ийриминин мүчөлөрү болсо орус тилинде ырларды, акыйнектерди айтышты. Этноансамбль ийриминин талантуу балдары иш-чарада “Яллама ёрим”, “Карагат”, “Балдарай-кыздарай” ж.б.у.сыяктуу ырларды ар улуттун музыкалык аспаптарында кол ойнотуп жакшы маанай тартуулап келгендерди кубандыра алышты.

Иш-чаранын негизги максаты жыл ичиндеги ийримдердин иш-аракеттерин жана жетишкен ийгиликтерин аталган ийримдин мүчөлөрү ата-энелерге, мугалимдерге жана ӨЖТ, БӨЖТ топторго ырлар, пьесалар аркылуу ынтымак, достук, биримдикти көрсөтө алышты. Ал эми жыл ичинде ийримге жигердүү катышып, ийгилик жараткан мүчөлөр “Эрайым”АКБсынын Ош облусундагы кызматкерлери тарабынан ыраазычылык баракча менен “Акыркы конгуроо” аземинде сыйланышты.  

2

3

4

5

6

7

8

9

10

Эрлан Давлатов, Ош облусу