Келгиле англис тилин үйрөнөбүз
14.06.2018 17:05
Германиянын "Дүйнөгө нан" (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагындагы № 16-Абу Али ибн Сина, Мады айыл аймагындагы № 86-Курманжан Датка жана Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы №117- К.Маткеримов атындагы орто мектептеринде 37 бала жигердүү катышып жатышат.
Быйылкы жылы Англис тил ийримине катышкан мүчөлөр өздөрүнүн билим деңгээлине жараша “Grammar Starter” жана “Grammar One” китептери боюнча билимдерин тереңдете алышты. Сегиз ай аралыгында бул ийримге катышкан балдардын билим деңгээлин байкоо жана текшерүү максатында №16-Абу Али ибн Сина мектебинде “Келгиле англис тилин үйрөнөбүз” (Let’s Learn English) аталышында сынак 2018-жылдын 31-майда уюштурулуп, ага 15 ийрим катышуучусу, 3 мектептин англис тил мугалимдери, ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөр жана ата-энелер ошондой эле “Эрайым” АКБнын кызматкерлери катышышты.
Сынактын жүрүшүндө жалпы катышуучулар 1- англис тил грамматикасы боюнча тест, 2- англис тилинде жаңылмач айтуу, 3- диалог угуу, 4- эстеп калуу оюну, 5- сүрөттү чечмелөө, 6-англис тилинде окуу жана берилген суроолорго кыска убакыттын ичинде жооп берүү баскычтарынан өтүштү.
Жыйынтыгында “Beginners” тайпасы боюнча 1-орунду Шарк айыл аймагындагы Хамза Хакимзода атындагы мектебинен Абу Али Ибн Сино атындагы мектебине келип ийримге катышкан 9-класстын окуучусу Игамбердиева Феруза, 2-орунду ошол эле мектептен Ахмадалиева Фатима, 3-орунду № 86-Курманжан Датка атындагы орто мектебинен “Достук” БӨЖТ” мүчөсү Эргешова Айзирек ээледи. “Starters” тайпасынын мүчөлөрүнүн ортосунда 1-орунду №117- К.Маткеримов атындагы орто мектебинен “Өнүгүү” БӨЖТ мүчөсү Нишанова Айгүл, 2-орунду № 86-Курманжан Датка атындагы орто мектебинен 6-класстын окуучусу Жаркынбай кызы Айжан, 3-орунду №16-Абу Али ибн Сино мектебиндеги “Келечек” БӨЖТ мүчөсү Турсунова Мубина ээлешти. Бардык жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды. Бул иш-чара англис тил ийриминин жетекчиси Илёсбек Ашуралиев тарабынан уюштурулду.
Эрлан Давлатов, Ош облусу