101.06.2018  18:00

“Мугалимдер үчүн жайкы англис тил мектеби” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ыссык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында англис тили боюнча 10 күндүк окуу курстарынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул долбоор Британиянын кайрымдуулук комиссиясынын алдында түзүлгөн "The Erayim Aid Trust UK (Улуу Британиядан Эрайымга Ишенимдүү Жардам)" деп аталган UK 1163524 номуру менен катталган Британиялык кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланды.

Аталган курстар 28-майдан 08-июнга чейинки аралыкта Каракол шаарынын №1-Иновациялык мектеп-гимназиясында өткөрүлөт. Бул 10 күндүк курста Каракол шаарынын жергиликтүү мектептеринен келген 40 окутуучу катышууда.

Окутуу Улуу Британиядан келген тажрыйбалуу дасыккан окутуучулар Клэр Ривс, доктор Вики Дэвис жана Королина Муур, ошондой эле жергиликтүү тренер Нуриля Асанбаевалар тарабынан жүргүзүлөт. Алар жергиликтүү англис тил мугалимдерине билимдерин жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам беришет.

Сабактарды өтүүдө өзгөчө басым ооз эки сүйлөө жана угууга коюлат, окуу жана жазуу экинчи планда болот. Жергиликтүү кыргыз мугалимдери өз ара сүйлөшүү ыкмаларына үзгүлтүксүз тартылып, жана интерактивдүү тил оюндарын жана ырларды көп үйрөнүшөт. Алардын бардыгына Раймонд Мёрфинин грамматика китебинин бирден көчүрмөсү, англис ырларынын турган компакт-дисктер жана көптөгөн басма ресурстар белекке алышат.

Курстун аягында курсту ийгиликтүү аяктаган ар бир катышуучуга сертификат берилет.

Апышова Вера Султановна жетектеген Каракол шаарынын билим берүү бөлүмүнүнө, жана Каракол шаарынын №1 иновациялык мектеп-гимназиясынын жетекчилигине курсту уюштурууда жана өткөрүүдө көргөзгөн жардамдары үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

2

3

4

5

6

7

8

Алтынай Сабырбекова, долбоордун тирекчиси