001.06.2018  17:36

Энелер күнүнө карата Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган Биримдике мүчө болгон жигердүү Өз жардам топтордун демилгеси менен “Ак элечек – ынтымактын ыйык тумары” аталышындагы иш-чара ушул жылдын 20-май күнү Шарк айыл аймагынын Маданият үйүндө болуп өттү.

ӨЖТ мүчөлөрү бири-бирине болгон урмат сыйды даңазалап, ынтымак, достук, биримдикти бекемдөө максатында баштарына кыргыз элинин улуттук баш кийими ак элечек кийгизишти.

Ал эми экинчи бөлүктө Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында калктын экономикалык, социалдык, маданий, саясий жактан өнүгүшүнө жана улуттар аралык ынтымак, биримдикти бекемдөөгө жигердүү салым кошкон 37 айым, 7 мырза Эрайым АКБнын Кара-Суу районундагы өкүлчүлүгү тарабынан сунушталып, КРнын “Улуу Журт” коомдук кайрымдуулук фондунун “Даткайым”,”Үлгүлүү айым”, “Үлгүлүү мырза” төш белгиси жана күбөлүгү менен сыйланышты.

Иш-чаранын алкагында Шарк айыл аймак жетекчилиги 20 000 сомдук белектерди катышуучуларга тапшырды. Эки элдин достугун, ынтымагын, биримдигин даңазалаган мындай саамалыктын кийинки сапары Байыркы Кокон шаарына ӨЖТ топтордун барып келинүүсү менен уланмакчы.  

3

4

5

2

7

8

9

10

Эрлан Давлатов, Ош облусу