024.05.2018  11:07

Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептеги Балдардын өз жардам топтору үчүн “Эмоцияны жеңүүнүн жолдору” аталышында тренинг өтүлдү.

Аны “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча психологу Жылдыз Калдарбекова уюштурду. Аталган мектептеги алты БӨЖТ мүчөлөрү бул тренингдин активдүү катышуучулары болуу менен өздөрүнө көп пайдалуу билим ала алышты. Психолог Жылдыз айым бул тренинг тууралуу буларды билдирет:

- Акыркы мезгилде мектеп окуучуларынын арасында ар кандай терс окуялар көбөйүп кетти. Мунун бардыгы балдар өздөрүн кармана албай, эмоцияга берилип, сөз да көтөрө албай жаткандыгын себеби десек болот. Ата-эненин үйдөгү көйгөйлүү маселелери, каржылык жетишпестиктер, коомдогу, көчөлөрдө, коомдук жайлардагы, транспортто, мектепте, тейлөө жайларындагы терс таасирлерден улам балдардын психологиясы чыңалып, алар өздөрүн кармана албай, анын кесепетинен терс жактарга барып жаткан учурлар да кездешет. Мына ушундай адам психологиясына таасир бере турган жагдайларды кантип жеңсе болот, сабырдуулук, кечиримдүүлүк, чыдамдуулук, тилектештик сапаттарга кантип үйрөнүүгө болот? - деген суроолорго жооп издеп, тренингди кызыктуу жана пайдалуу өткөргөнгө аракет жасадым. Сабак кызыктуу оюндар жана практикалык көнүгүмдөр менен коштолду. Мында ата-энеси мигрант катары сырт жакта иштеп жүргөн, социалдык жактан жардамга муктаж болгон балдар менен өзүнчө иштедим. Мындай катмардагы балдарды каттоого алып, алардын ата-энелери жана өздөрү менен иштөөнү уланта бермекчимин - деди ал.

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу