Көптөн күткөн жөө кыялар орнотулду
18.05.2018 19:37
Көптөн күткөн жөө кыялар Шарк айыл аймагындагы жана Ош шаарындагы автоунаалар көп жүрүүчү Привокзальный-Садиков менен Аношина көчөлөрүнүн аралыктарына орнотулду.
Аталган демилге “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Гүлбахар”, “Акниет”, “Навбахор” өз жардам топторунун жана “Барсбек”, “Ширин” балдар өз жардам топторунун көптөн берки аракеттеринин натыйжасында ишке ашты.
Эскерте кетсек, жарандардын коопсуздугу үчүн маанилүү болгон жөө кыяларды орнотуу демилгеси 2017-жылдын күз айларынан бери аталган ӨЖТлар тарабынан көтөрүлүп келген. Алар долбоордун алкагында уюштурулган шакатоо жана талам талашуу окуу-көнүгүмдөрүнөн алган билимдерине таянып, жол кырсыктарын алдын алуу максатында КРнын Ички Иштер Мининстирлигинин Ош шаардык Ички Иштер Башкармалыгына кат аркылуу кайрылышкан. Жыйынтыгында жол кырсыгына жарандар үчүн коркунуч жараткан беш жерге жол белгилери жана жөө кыялар орнотулду.
“Буга чейин жол кырсыгын алдын алуу максатында жөө кыяларды жана жол белгилерин орнотуу үчүн көп араткеттерди жасаганбыз, тилекке каршы ишке ашпай келген, “Эрайым”уюму менен кызматташкан өз жардам топторго рахмат. Мына эми биздин балдар жолдон коркунучсуз өтө алышат!” – дейт айыл башчы Абдувахап Дадажанов.
Эрлан Давлатов, Ош дубаны