ӨЖТлардын Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына кошкон салымы
07.05.2018 08:54
Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектеби менен ушул эле райондогу Өлмөскан Атабекова атындагы орто мектепте мугалимдер арасында уюшулган “Береке” жана “Жаштар” Өз жардам топторунун мүчөлөрү жакшы саамалыкты жаратышты. Алар кыргыз элинин атактуу жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, кыргыз деген калын журтту ааламга тааныткан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондогу мектептер арасында уюштурулган кароо-сынакта өздөрүнүн талантын тааныта алышты.
“Жаштар” ӨЖТсынын мүчөлөрү Жылдыз Калдарбекова, Максат Пирматов, Айсулуу Орозова, Дилфуза Назаралиевалар жазуучунун “Саманчынын жолу” повестиндеги каармандарга айланып, калыстардын жогорку баасына татышты. Белгилей кетели алар “Эрайым” аялдар бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” аталышындагы долбоордун Жалал-Абад облусундагы мыкты адистери. Жылдыз Калдарбекова бул долбоордо психолог катары ар кыл тармактагы адамдар менен жеке иш алып барып, ондогон жарандарга психологиялык, моралдык жактан жардамын көрсөттү. Канчалаган элет тургундарын алдыга үндөп, алардын аң сезимин, ой туюмдарын өзгөрүүсүнө себепкер боло алды. Ал эми Айсулуу Орозова долбоордун англис тили ийримин жетектейт. Бул тилди долбоорго кирген мектептердин окуучуларына үйрөтүү, заманбап технологияларды, ыкмаларды колдонуу менен англис тилине кызыктыруу аракетинде анын табылгалары чоң. Максат Пирматов болсо долбоорго кирген мектептердеги БӨЖТларды жетектейт. Балдардын активдүүлүгүн көтөрүү, аларды шыктандыруу, ар кандай багыттагы иш чараларды уюштуруу жаатында анын да табылгалары бир топ. Абдан изденет. Ал эми Дилфуза Назаралиева долбоор боюнча уюшулган “Эне мектептерин” көзөмөлгө алат. Элет балдарынын бакчада, тарбиячылардын колунда, заман шартына жараша кароого алынуусуна кошкон салымы чоң. Алардын мындай чыгармачылыктарына назар сала олтуруп, долбоорго ар кыл таланттуу, демилгелүү жана аракетчил топ тартылганын белгилөөгө болот.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу