Ашкана сырларын үйрөнүү – ишкерликтин башаты
20.04.2018 21:05
Кара-Суу районунун Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым”АКБсы тарабынан уюшулган ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрүнөн ушул жылдын апрель айында “Данида” Коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган бир күндүк “Повар - кондитер” окуу көнүгүмүнө катышып, ашкана сырларынан мантынын жасалуу ыкмаларын үйрөнүп беш түрүн жасоону өздөштүрө алышты жана элге кеңири керектелип жаткан шириндиктерден чий борсок жасоону мыкты деңгээлде үйрөнүштү.
“Жакшылык “ ӨЖТ мүчөсү Карымбаева Мастура жана БӨЖТ мүчөсү Жоробаева Мархабо аз чыгым кетирип манты жана чий борсокторду даярдоонун ыкмаларын өз топторуна үйрөтүүнү болжолдошту.
ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрүнүн бул окуу көнүгүмгө катышуунун максаты ашкана сырларын өздөштүрүү аркылуу кичи ишкерликти баштоо жана жашоо деңгээлин көтөрүү.
Эрлан Давлатов, Ош дубаны