Турмуштук көйгөйлөр Форум театрда
03.04.2018 17:54
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак жана Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептерде уюшулган “Форум театр” ийримине жалпы 38 окуучу тартылган.
Алар өздөрү демилге көтөрүшүп, турмуштук көйгөйлөрдү да өздөрү тандап, аны сценкалаштыруу аркылуу мектептин окуучуларына тартуулап жатышат. Атап айтканда, Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте эрте никеге турууга каршы сценка даярдалып, ал райондогу беш мектепте коюлду. Эми ушул окуучулар мектеп рэкетчилигин жоюуга карата, анын зыяндуулугу боюнча “Шаардык кыз” аталышындагы сценка даярдалып жатат. Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде диний азгырыктарга алданган балдардын турмушу тууралуу сценка даярдалууда. Алым Усман мектебинде болсо адам сатуу боюнча көйгөйлүү көрүнүш даярдалып жатат. Жогорудагы аталган сценкалар жакынкы күндөрдө ар бир мектепте, андан кийин башка мектептерде тартууланат, талкууга алынат. Ал эми Алым Усман атындагы орто мектептеги форум театр ийриминин катышуучулары ишембилик уюштурушуп, азыркы кезде бүтүндөй өлкөбүздү кучагына алып жаткан “Таза шаар, таза коом” акциясына катышышты.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу